Өлкөдө болуп жаткан кырдаал, элеттиктер үчүн кандай таасирин тийгизди? Сурамжылоого катышкан Суусамыр айыл аймагынын тургундары саясат жана пандемия тууралуу ой пикирлери менен бөлүштү.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Чолпон Кулсариева бүгүнкү күндө пандемия коркунучу бар деп эсептейт:
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Чолпон Кулсариева
“Вирус жок деп айта албайм. Бул нерсе баардык өлкөлөргө тараган. Менимче баардык эле адам ооруп чыкты окшойт. Бул ооруну мед кызматкерлер туура дарыласа, ооруга чалдыккан адамдар айыгат деген ишеничтемин.
Бирок азыркы учурда көпчүлүк топтолгон жерге барып жатабыз, вирусту мен жокко чыгара албайм. Бирок адамдар санитардык эрежелерди сактаса бул кырдаалдан оолак болобуз деп ойлойм”.
Ал эми Суусамыр айыл аймагынын тургуну Зоодан Асаналив оз оюу менен бөлүштү:
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Зоодан Асаналив
“Карапайым калк үчүн мамлекетибиздеги тынчтык, мал-жаны, ден-соолуктары маанилүү. Ал эми азыркы өлкөдө болуп жаткан кырдаал, массалык чогулуу ар кандай топтордун кагылышына алып келиши мүмкүн. Жана учурда пандемия шартында вирустун жайылуу коркунучунун күчөшүнө алып келет. Натыйжада булардын баардыгы элеттиктер үчүн терс таасирин тийгизет деп эсептейм ”.
Буга улай эле Суусамыр айыл аймагынын тургуну, студент Бегимай Русланова пандемия шартында аралыктан окуу тууралуу айтып өттү:
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, студент Бегимай Русланова
“Дүйнөнү каптаган коронавирус илдетти чоң жоготууга алып келди. Ошондой эле өлкөбүздүн экономикасын, билим деңгээлин алсыздантты десек жаңылышпайм.
Учурда аралыктан окутуу студенттерге жана окуучуларга терс таасирин тийгизип жатат. Аралыктан окутуу мен үчүн кыйынчылык жаратып жатат. Азыркы учурда адамдар өзү үчүн болбосо дагы жакындарын ойлоп санитардык тартиптерди сактаса бул кырдаалдан чыгабыз деген ишеничтемин”.
Суусамырда пандемия учурунда жергиликтүү кеңеш отурумдарын токтотту
Айдана Токтобекова