Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары пандемия учурунда айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баргандыгын айтышууда. Ал эми пандемия учурунда жергиликтүү кеңештин отурумдары убактылуу токтотулган.
Депутаттар эл менен биргеликте кандай иш алып баргандыгын Суусамыр айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматов айтып берди:
“Пандемия учурунда жергиликтүү кеңештин депутаттары арасында бир жолу гана сессия өткөрүлдү. Сессияда Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү менен биргеликте оору күчөп кетпеш үчүн блокпостторду коюу токтомун кабыл алдык.
Ал эми карантин учурунда сессиялар убактылуу токтотулду. Бирок ар бир айылдын депутаттары карапайым калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, волонтердук кызматтарды дагы аткарып жатышты.
Жергиликтүү депутаттар каражат топтоп элге, ооруканага даары дармек алып берүүгө көмөк көргөзүштү. Жана биздин таксист, депутат балдарыбыз тез жардам унаалары жетишпегендиктен абалы оор адамдарды райондук ооруканаларга жеткирип жатышты”.
Буга улай эле Суусамыр айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин депутаты Адилет Рыскулбеков айылга келген жардамдарды адилеттүү бөлүштүрүүгө салым кошконун билдирди:
“Пандемия учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр элине жардам катары 200 кап ун берди. Биз аны адилеттик менен жардамга муктаж адамдарга таратып бердик.
Андан кийин өкмөт тарабынан 80 кап ун берилди. Ал мурункусунда жетпей калган адамдарга таратылды. Мындан тышкары, көптөгөн кайдыгер карабаган инсандар, өздөрүнүн жардамдарын берип жатышты. Мисалы, дары-дармектер, дем алдыруучу кислород аппараттары, ун, эт түрүндө берилип жатты”.
Ал эми Суусамыр айыл аймагынын тургуну Азиза Тамчиева пандемия учурунда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жасаган иштерине канааттанганын айтат:
“Өлкөбүздө оор кырдаал болуп турганда айылыбызда кайдыгер карабаган инсандар көп экендигин билдик десек болот. Көп адамдар жардамга муктаж адамдарга кол сунуп жатышты. Ал эми Суусамыр айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары, пандемия учурунда жасаган иштерине канааттандым десем болот. Алар колдорунан келген жардамдарын карапайым элден аябай, волонтердук кызматтарды аткарып турушту”.
Медайым: «Пандемиядан кийин ден- соолугум калыбына келе элек»
Айдана Токтобекова