Суусамыр айыл аймагында бала бакча курула баштады. Каржы тарабынан эч кандай көйгөй болбойт. Бала бакчанын курулушун, дүйнөлүк банк “АРИС” тарабынан каржыланат жалпы баасы 36 млн сомду түзөт.
Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев билдирди:

Суусамыр айыл аймагынын, айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев
«Эки, үч жылдан бери чуркап жүргөн долбоор 2020- жылы башталды. Бала бакча дүйнөлук банк “АРиС” тарабынан каржыланат, жалпы баасы 36 млн сом. Азыркы учурда айыл өкмөт тарабынан 1,5 млн сом бөлүп берип жатабыз. “АРиС” тарабынан каражат маселеси 15 күндүн ичинде чечилет. Быйыл план боюнча бала бакчанын фундаменттин толук бүтүрүү. Ал эми кыш айларында дагы курулуш иштери уланат. Бала бакча 2021- жылдын сентябрь айларына чейин бүтөт. «АРиС» тарабынан каржы маселеси көйгөй жаратпайт , келишимдерге кол коюлган жана бир гана убакыт талап кылынат».

Быйыл план боюнча бала бакчанын фундаменттин толук бүтүрүлөт
Ал эми Суусамыр айыл аймагынын тургуну Замира Акматова бала бакчанын курулуп жаткандыгы тууралуу өз ою менен бөлүштү:

Суусамыр айыл аймагынын тургуну Замира Акматова
«Бала бакчанын жоктугунан жумушка барарда балдарымды эч кимге ишенип таштап кете албай кыйналчумун. Ал эми азыркы тапта курулуп баштаган бала бакча тууралуу оюм жакшы. Бала бакчага барган балдардын ан-сезими дагы жакшы болот. Бала бакча бүтүп ишке берилсе көп эл иш менен камсыз болот деген ойдомун. Жаш ата-энелер балдарын бала бакчага берип, иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп эсептейм».
Суусамыр айылында маданият үйүнүн курулушу токтоп турат.
Айдана Токтобекова