Ковид-19, пандемия, бет кап, санитайзер өңдүү түшүнүктөр жашаган жери, улуту, ишмердүүлүгүнө карабастан ар бир адам баласынын жашоосунда пайда болду. Пандемия дүйнөлүк экономикада жана башка тармактарда кризис алып келди. Ал эми билим берүү тармагы аралыктан окутуу формасын киргизди.
Кыргызстанда дагы үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн жана окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында аралыктан окутуу формасына өттү. Бирок мындай кадамга Кыргызстандын билим берүү тармагы даяр эмес эле. Ар бир окуучу, мугалим, ата-эне үчүн интернет байланышы, телефон, сабак өтүүчү тиркемелер жана аларды колдонуу сыяктуу алдыда бир канча көйгөйлөр жаралды. Мугалимдер окуучулар менен аралыктан телефон, ноутбук өңдүү каражаттар менен байланышууга өттү.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директору Астра Токтогулова айыл жеринде аралыктан окутуудагы байланыш (интернет, тиркемелер ж.б) көйгөйлөрүнө изилдөө жүргүзгөн. Изилдөө ата-эне, мугалим жана окуучулар арасында жүргүзүлүп, сабак өтүүдө кайсы тиркемелер ыңгайлуу, бир айда бир балага канча бирдик салып бересиз деген өңдүү суроолор берилген. Изилдөөдө окуучулар мугалимдин үнү менен сабак өтүүсүн каалагандыктарын билдиришкен.
Ошол эле учурда ата-энелер дагы баласы үчун мугалим өз үнү менен байланышуу ыңгайлуу болорун белгилешкен.
Ал эми мугалимдер аралыктан окутууда мүмкүн болушунча натыйжалуу билим берүү аракетин көрүп, сабак өтүүнүн ар кандай ыкмаларын, аларды колдонууну өздөштүрүштү.
Изилдөөнүн жүрүшүндө Астра Токтогулова алыскы райондордо аралыктан окутуунун бир топ көйгөйлөрү бар экендигин аныктаган. «Мугалимдерди жана ата-энелерди байланыштын техникалык каражаттары менен камсыз кылуу, интернеттин кымбаттыгы, аралыктан окутууда мугалимдердин билиминин жетишсиздиги, сабак учурунда мугалим менен окуучунун ортосунда байланыштын жоктугу сыяктуу көйгөйлөр болду. Бирок бул нерселерди акырындап чечүүгө болот. Ал үчун ар бирибиз салым кошуубуз керек» дейт.