Ак-Талаа районунда КРнын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Жаңы Жылдык белектери ден-соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 балага, ошондой эле Э.Мейманов атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Мейманбай кызы Азизага жана М.Базаркулов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Бакытбек кызы Гүлсүнгө тапшырылды.
КРнын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Жаңы Жылдык белектери
КРнын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун куттуктоо каты
Балдар үчун Жаны Жылдык белектер
Акимдин орун басары Кенже Карагулова белеектерди тапшырууда
Жаңы Жылдык белектерди тапшыруу
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова балдарды жана ата-энелерди Жаңы Жылы менен куттуктады.
“Үстүбүздөгү жыл өзгөчө жыл болгонун тана албайбыз. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган илдет дагы деле болсо катталып жатат. Саналуу убакыттан кийин жыл жаңырат. Баарыңыздарга ден-соолук каалайм”.
Ал эми “Алый апа” балдардын реабилитациялык борборунун жетекчиси Нургүл Мамбетова
Борбордун балдарына берилип жаткан белектерге ыраазычылык билдирди.
Барчын Мамытбекова