Ноокат районунун Арбын айылынын Калыева Алма эне көчөсүндө бак-дарактарды кыйуу иши жүрүп жатат. Кышында бак-дарактар күндү тосуп калганына байланыштуу, жолдор муз болуп, эл басканга тратуарлар жок айыл тургундарына терс таасирин тийгизчүү.

Калыева Алма эне көчөсү муз болуп кыш мезгилинде тайгалак болгонуна байланыштуу жаз келээри менен эле дарактарды кыйуу иши журуп жатат. Анткени, тургундар дарактарды жолго отургузуп салышкан. Мындан башка да кичинекей көчөлөрдөгү керексиз бак-дарактар кыйылууда.

Арбын айылынын башчысы Асан Кадыров: » бул көчөдөгү бак-дарактар кыйылып бүтсө эл басчуу тратуар орнотобуз. Бактарды кыйууга эл да каршы эмес. Бир эле бул көчөнү эмес башка көчөлөрдү да кеңейтебиз»-дейт.

Кыйылган бак-дарактар тургундардын өздөрүнө эле калат. Кыйылган дарактын тушундагы уй ээлерине. Бул ишке акча каражаты сарпталган жок. Тургундар өзүнүн шаймандары менен эле кыйышууда.

Арбын айылынын тургуну Абдулла Тажибаев: «дарактардын кесилгени жакшы болду. Көчө кеңейип эл басканга да жакшы, кышында да муз болуп жерлер тайгалак болбойт»-дейт өз сөзүндө.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
ДА