Ноокат районунун Ак-Чабуу айылынын мектебине жаңы спорт залы салынды.
Бул залды Ак-Чабуу орто мектебинде көптөн бери эмгектенип келе жаткан мугалим Муса Пирманов долбоордун арты менен салдырган. Долбоор 2012-жылы май айында өтүп, зал курула баштап, учурда ал бүтүп ишке берилди.


Залга 2 млн 336 миң сом сарпталган. Андан сырткары залдын ичи-тышы бүткөрүлүп, бардык спорттук инвентарлар менен жабдылган.
Окуучусу Ашура Нушбакова мурун да спорт зал болгонун бирок, заманбап жабдыктары жок болгонун айтты.
«Мурунку спорт залдын полдору жок, дубалдын үстүңкү чатырынан суу өтөт эле, азыр эми окуучулар сүйүнүп турган кези», — дейт Ашура.

Дене тарбия мугалими Бакытбек Абдрахманов «Залдын салынганы биз үчүн жакшы болду. Анткени балдар күнү-түнү даярданышып ийгиликке жетип жатабыз» деп айтып өттү.
Даярдаган: Атиргул Жигитали кызы
Сынак үчүн