Ноокат районунун Арбын айылында суу түтүктөрү орнотулуп, таза суу чыгарылат.
Учурда Төрөбай Ботобаев көчөсүнө эки суу түтүкчөсү орнотулуп бүттү. Калган Кеңеш Аматов, Жаштар, Балтабай Тешебаев көчөлөрүнө болсо суу түтүктөрү орнотулууда.
Суу чыгаруу үчүн мамлект тарабынан эч кандай акча каражаты бөлүнгөн эмес, айыл тургундары 500 сомдон акча чогултушуп, өз каражатына салдырып жатат.
Арбын айылынын тургуну Сумая Тажибаева “суу түтукчөлөрү курула электе дарыядан суу ташып келип иччүбүз. Кышындасы да дарыядан ташычубуз, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Эми түтүкчөлөр орнотулуду, мен кубанычтамын” деди.



Арбын айылынын башчысынын билдиришинче, айылга суу 1 жарым километр аралыктагы жерден алынып келинген. Ар бир көчөгө 2-3 суу чоргосу орнотулмакчы.
Даярдага: Зарина Нурдинали кызы
ДА