Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Рүстөмбек Мамыралиев мектебинде тхэквондо ийрими 2016-жылдын ноябрь айынан бери өтүлүп келе жатат. Ийримде алты жаштан жогору курактагы кыздар жана балдар катыша алышат, баасы айына 1000 сом.

Тхэквондо боюнча машыгууну баштаардын алдында көнүгүүлөрдү жасап, биринчи күнү колдору менен иштешет, экинчи күнү колкап менен даярданышат, ал эми 3-күнү спарингдер болот. Ийримдин машыктыруучулары Алматы шаарына барып алдыңкы орундарды алып келишкен.
Азим Токтобаев, машыктыруучу:
— Мен 31-мектептен тхэквондого катышып келе жатам. Ал жакта ушундай эле реклама кылып келип анан мага спорт жагып калды. Бул спорттун түрү менен 1-класстан бери алектенем. Казакстандын Алматы шаарына 3 жолу барып, 1-2-3-орундарга ээ болуп келгем. Жал айылына келгенимдин себеби тхэквондо стилин көрсөткүм келет. Жумасына үч жолу машуугу болот. Бул спорт өзүңө жакса каалаган жашыңда катышсаң болот.
Зерек Жапар уулу:
— Мен алты жашымдан бери тхэквондого катышып келе жатам. Биз Бишкектен келип үйрөтүп жатабыз. Казакстандан 3-орунду алып келгем. Актөбөдөн 2-орунду алгам. Бул тхэквондону тандаганымдын себеби, кыймылдары жагат, буттары менен жана секирүүлөр жагат.
Даярдагандар: Асель Эркинбек кызы, Марлен Базарбеков.