Сокулук районуна караштуу Жогорку Орок айылынын жашоочусу Чынара Биримкулова узчулук менен алектенгенине 16 жыл болду.
Биримкулова кездемелерден ар түрдүү жууркан, төшөктөрдү жасайт. Кездемени болсо табыштамага карап алат. Ал кездемелерди кооздоп, тигип, жүн салып өз колу менен тигип чыгат.
Ага Бишкек шаарынын жана айылдын тургундарынан табыштамалар келип турат. Өз эмгегине жараша жууркандардын баасын коёт.
Бул өнөрдү бала кезинде өз энесинен көрүп, кызыгып, үйрөнүп алган.


Чынара Биримкулова:
— Мен узчулук менен алектенгениме 16 жыл болду. Ар кайсы жерден табыштама беришет. Эгерде тиккени көп убакытты алып жана кездемеси кымбат баада болсо, анда ал кымбат болот. Мисалга алсак төшөктөр бөлүнөт өңдөрү, ар түрдүү төшөктөр болот же 2-3 түстүү төшөктөр болот. Бирок эң маанилүүсү — бул кездемеси.
Даярдагандар: Акыл Манасбек уулу, Калыс Кылычбеков.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.