Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 9-классын жалпы 39 бүтүрүүчү аяктайт. Алардын ичинен 10-11-классты окубай кете тургандары сегиз окуучу. Алардын ичинен 9-класстын бүтүрүүчүсү Рыскелди Рысалиев келечекте ашпозчу болууну каалайт, учурда ал мектепте бүтүрүү экзамендерин тапшырууда.
“Мен бул кесипти тандоомдун себеби мен тамак-аш жасаганды жактырам жана бала кезимен кызыгам. Кесип тандоо боюнча сөз болгондо ата-энеме оюмду айтсам, башында каршы чыгышкан. Эркек балага мындай кесип туура келбейт деп башка кесип танда мисалы, тиш доктур, мугалим, милиция жана башка кесиптерди сунушташты. Бирок мен ашпозчулука шыгым бар экенин жана мүнөзүм да туура келгендигин түшүндүргөндө ата-энем колдоду.”
Рыскелди Рысалиевдин мугалими Жазгүл Алманбетова кесип тандоодо бир нече кеңештерин бергенин айтты.
“9-классты бүтүрүп окууга тапшырам деген айрым окуучуларымдан кайсы кесипке тапшыраарын сурап, ошол багыт боюнча өз оюмду, кеп-кеңешимди айттым. Алардын бири Рыскелди ашпозчулукту тандаганын айткан. Бирок үй-бүлөсү бул кесип эркек балага туура келбейт экенин айтып, каршылыктарын билдирген. Окуучум менден кеңеш сураганда “Ар бир кесип ардактуу” экенин айтып, кесиптер эркек балага жана кыз балага деп бөлүнбөйт экенин түшүндүргөм, “Өзүң кайсыл кесипти тандап, ошол багытты алып кете алышына көзүң жетсе, өзүң каалаган кесипке тапшыр”- деп педагог катары акыл-насаатымды айттым.”
Бала кесип тандап жатканда ата-эне колдоо көрсөтүү керек
“Мен апасы катары балам кесип таңдап жаткан учурда алгач карышылыгыбызды билдирдик, бирок түшүнүшүп бир пикирге келген соң, макул болуп, таңдоосун колдоп бердик. Негизи ата-эне баланын тандоосуна каршы чыкпоосу керек, себеби баланын да кыялы, максаты бар, болгону таңдаган багытын колдоп, жол көрсөтүп коюу зарыл.”
Гендердик суроолор боюнча адис Айжан Бактыбекова: “Балага биринчи ата-эне колдоо көрсөтүү керек.”
“Албетте, кесипти тадоодо аялга же эркекке тиешелүү деп бөлүнбөш керек. Бул коомдо калыптанып калган стереотип. Аял киши белгилүү бир кесипти гана тандаш керек деген туура эмес. Аял менен эркек тең укуктуу болуш керек. Ал үчүн мектеп бүтүп кетип жатканда баланын оюн угуп, эч кандай чектөөлөрдү койбой, колдоо көрсөтүү керек. Алсак, бизде аял кишиден физик, химиктер, мырзалардан мыкты ашпозчулар, дизайнерлер, тигүүчүлөр өздөрүн дүйнөлүк деңгээлде чыгарышууда.
Ал эми ата-энелер балага кесип тандоодо туура багыт көрсөтүүгө укуктары бар. Эч бир убакта балага таңуулоо койбош керек. Бала өзүнүн ички сезими менен, жөндөмдүүлүгүнө, ишмердүүлүгүнө жана кызыгуусуна карата аракет кылып, ата-эне багыт көрсөтсө болот.
Баласы тандаган кесип боюнча маалыматтарды топтоп, угуп көрүп, пикирин айтканга укуктуу. Бирок акыркы чечимди сөзсүз бала өзү кабыл алуусу керек. Анткени ошол бала келечекте тандаган кесип менен өзү иштеп, жашоодо өз ордун табат жана ошол иштеген ишин так аткарып ийгиликке жетет.”
Хамида Каримова