1-марттан тарта армияга кызмат өтө үчүн жазгы чакыруулар башталат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкармалыгынын башчысынын орун басары капитан Гүлмира Өмүрзакова ар бир баланын өсүү, өнүгүү курагы түрдүү болоруна токтолуп, алардын аскерге барарын же барбай турганын ата-энелер ашыкча тынсыздануу менен чечип салбоосуна чакырат. Себеби кийин бала өзү каалаган кесиптин эсси боло албай калуусу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкармалыгынын башчысынын орун басары капитан Гүлмира Өмүрзакова
Учурда жаштардын аскердик кызматка болгон көз карашы кандай деп баалайт элеңиз?
— Азыркы учурда жаштардын армияга баруусу күч алган деп ойлойм, анткени өз ыктыяры менен патриоттук сезими ойгонуп, армияга барууну каалагандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Учурда жаштардын мекенге болгон сүйүүсү күчтүү, ата мекенге кызмат кылам аны коргойм деген жигиттер көп. Бул бир чети байыртан келе жаткан “Мекенди коргоо” идеология жана насаатынан улам болсо, экинчи тарабынан мыйзам талабы. Белгилей кетсек Баш мыйзамдын 54-беренесине ылайык Ата Мекенди коргоо -Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.
Аскерге барчулардан эмнелер талап кылынат?
— Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ар бир эркек атуул 18-25 жашка чейинки куракта аскерге чакырылат. Каттоодон өткөн аймагы боюнча чакырылгандан киийн медициналык кароодон өтөт жана тийиштүү документтерин чогултушу керек. Ошондой эле физикалык даярдыгы текшерилет. Бардык талаптарга жооп берген болсо ошол жаран 1жылдык мөөнөттүү аскер кызматын өтөй алат.
Бизде ыктыяры бар бирок, медициналык кароодон өтпөй калган учурлар кездешип калат. Алардын басымдуу болугүнүн салмагы жетпей же ата-энесине айтпай жашырып жүргөн түрдүү оорулары болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жигиттерди ден-соолугуңарды жакшы карап дени сак жашоо образы менен жашоого чакырат элем.
Каалаган кыздар армияга барса болобу? Учурда кызмат өтөгөн канча кыз бар?
— Армияда кызмат өтөгөн айымдар көп. Бир жылдык мөөнөттүк кызмат өтөөгө кыздар чакырбайт. Бирок, контракттык негизде айымдар армияда кызмат өтөсө болот. Учурда армияда солдат сержант жана прапорщик айымдар көп. Алардын салымдары чоң моралдык жактан мырзаларга колдоо көрсөтөбүз деп ойлойм.
Армияга баргандар кысымга кабылат деген канчалык деңгээлде туура?
— Беш кол тең эмес дегендей ар бир адамдын өзүнүн мүнөзү, жүрүм-туруму болот. Ар бир жоокердин жүрүм-туруму жана социалдашуусу чоң мааниге ээ. Ошентсе дагы мындай учурлар катталбаш үчүн аскер бөлүктөгү кызматта жүргөн адамдар болгон шарттарды түзүп бергенге аракет кылышат. Андай жолдорго учурдагы мыйамдар дагы жол бербейт.
Альтернативдүү кызматтар боюнча айтып берсеңиз, анын кандай түрлөрү бар, кайсыл учурда кандай түрүн колдонсо болот?
— Аскерге чакыруунун бир канча түрү бар. Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу жана ден-соолугуна жараша аскерге барууга мүмкүнчүлүк болбой калган учурда альтернативдик кызматтарды өтөөгө мүмкүнчүлүк болот. Альтернативдик кызматтын мөөнөтү 18 айды түзөт. Альтернативдик кызматты өтөө үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакыргандар үчүн республикалык бюджеттин кирешесинин эсебине 18000 өлчөмүндө акчалай төлөмдү төлөөнү талап кылат. Бул каражатты бөлүп төлөсө дагы болот.
Ошондой эле диний ишеними курал пайдаланууга жана куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар – кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткарууну республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 25000 өлчөмүндө акчалай төлөм төлөөгө тийиш.
Мобилизациялык резервдин жыйындары жарандарды респбуликалык бюджетке 50000сом өлчөмдө акчалай төлөм төлөөсү жана узактыгы 30 күндүк аскер жыйындарынан өтүүсү керек.
Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкү учурларда берилет:
-үй-бүлөлүк шарттары боюнча
-билим алуусуна улантуу үчүн
— ден-соолугунун абалы боюнча
Айгерим Кубатбекова