Жалалова Бүбүсара 1957-ж 7-ноябрда Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында төрөлгөн. 1974-жылы Токтогул атындагы орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы В. В. Маяковский атындагы кыз келиндер педагогикалык институтунун музыка факультетине өтүп 1978-жылы бүтүргөн.
Бүбүсара Жалалова окуучулар менен
«Институттун жолдомосу менен Араван районундагы «Ленин» , «Горкий», «Токтогул» , «Андреев» атындагы орто мектептеринде иштедим. 2003-жылы үй — бүлөбүз менен Сокулук районунун Новое айылына көчүп келип Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде иштеп келе жатам. Ушул аралыкта көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Атап айтсам:
1. Получена большая благодарносить за успешное выступление в Москве Кремлевском Дворце съездов 1977 г.
2. Р. Абдыкадыровдун 60 жжылдыгына карата өткөрүлгөн областык кароодо Диплом 2001-жыл
3. Сокулук РООнун Ардак громатасы 2008-жыл.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинин Ардак грамотасы 2010-жыл
5. Сокулук РООнун громатасы 2011-жыл
6. Сокулук РООнун Ардак громатасы 2013-жыл.
7. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн «Ыр-Кесе» конкурсунда Ардак грамотасы 2012-жыл
8. Эл агартуунун Отличниги төш белгиси 2014-жыл
9. Адеп , Ыйман маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн «Асылзат» фестивалынын Диплому».
Учурда Сокулук районуна караштуу Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы орто мектепте сүрөт, эмгек жана музыка сабактарынан сабак берип, мектептин «Таланттууларга таазим» аттуу, таланттуу окуучулардан түзүлгөн ийримди жетектеп келет.
Ийримдеги окуучулар комузда кол ойнотушуп, кадимки чай ичкен чынылардан музыка чыгарышып, ооз комуз жана шылдыракта обондуу ырларды, күүлөрдү, ошондой эле папури чыгармаларын аткарып келишет. Окуучулар ийрим менен эле чектелбестен кароо сынактарга да катышып байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө. Мамлекеттик каналдардын, медиа сайттардын коноктору катары катышышып, таланттары менен көрүүчүлөрдү таң калтырып келишүүдө. Бубусара Жалалова Гүлсина Капарова атындагы мектепте үзүрлүү эмгектенүү менен бирге кесиптештеринин арасында кадыр баркы бийик жана чынчыл, калыс инсан катары баалашат.
Бүбүсара Жалалова ийрим мүчөлөрү менен «Замана» студиясында
Казакбаев Абдыразак: «Бүбүсара эженин талантына таазим этем биринчиден, экинчиден эженин шайыр, чынчыл жана адилет, калыс мүнөзүн баалайм. Аталган мектепте быйыл жаңы келип эмгектенип жатам, ошого байланыштуу буга чейин чыныга жан киргизип музыка чыгарган таланттуу инсандын Кыргызстандан кездештире элек элем, эже менен бирге иштешип жатканым үчүн аябай кубанычтамын. Ошондой эле мектепте ар бир майрам, иш – чара Бүбүсара Жалалова эженин катышуусу жок өтпөйт».
Токонова Айдана 10 – класстын окуучусу:
«Бүбүсара эже бизге башталгыч класста окуп жүргөндө сабак берчү. Ал эми мектептин ийримине 7 – класстан бери катышып келем. Эже бизге чыгарманы, күүнү өзү ойноп берип, нотага салып оңой эле үйрөтөт жана ушу кезге чейин бирибизди да үнүн бийик көтөрүп урушуп же тилдеген эмес. Ар кандай кароо сынактарга бары катышып байгелүү орундарды ээлеп келебиз. Ошондой эле телеканалдарга барып көрүүчү, угуучу эмес, ардактуу конок болуп, белектерди алып ийгиликтерди жаратып келүүдөбүз. Учурдан пайдаланып Бүбүсара Жалалова эжейиме терең ыраазычылык билдирем».
Айдай Джолчубекова, Нуржан Усонкулова