Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында №1 ҮДТ жайгашкан. Бул жылдарга чейин мекеменин жылытуу системасы ток казан жана от казан менен жылытылып келген. 2022 – жылдагы электр энергияны үнөмдөө үчүн ток менен жылытууну кошпой көмүр менен жылытууга өткөн.
Бирок быйылкы 15 тонна түшкөн көмүр сапатсыз болгондуктан ээлеп жакканга туура келип, бүгүнкү күндө жок калганын №1 ҮДТ клиникалык жетекчиси Сайрагүл Асанова баса белгилеп өттү:
«Баарыңыздар билесиздер 2 жылдан бери пандемия деп жатабыз. Учурда вакцинация жүрүп жаткан мезгил. Андан тышкары бизде маал- маалы менен наристелер үчүн пландалган эмдөөлөр жүрүп турат. Андыктан мекеменин ичи талапка ылайык жылуу болуш керек эле. Жылытуу максатында тынымсыз жагылгандыктан учурда көмүр калбай калган учур.
Ушул маселени чечип карап берүүңүздү өтүнөм – деди. Жалпы элдик чогулушта Нарын районунун акимине кайрылып.
Аким бул маселени жакынкы арада чечилерин баса белгилеп өттү.
Ал эми Учкун айыл өкмөтүндөгү мекемелерге тендер менен келип түшкөн көмүрлөрдүн сапаты талапка жооп берерин Учкун айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Рахат Калбаева тактап өттү:
“Мекемелер үчүн түшкөн көмүрлөрдүн сапаты жакшы. Ал эми №ҮДТ Нарын облустук ооруканасы карагандыктан, көмүр менен Учкун айыл өкмөтү камсыз кылган эмес”.
Ошол эле учурда аталган айылда жайгашкан “Таңгабийке – Бердике” бала бакчасынын жетекчиси буларга токтолуп өттү:
“Кайсы жылдар экени эсимде жок. Балабакчага сапатсыз көмүр келип, кайра артка кайтарууга туура келген. Ошол жылдардан бери келген көмүрдү өзүм көрүп өткөрүп алмайын түшүртпөйм. Быйылкы келген алгачкы көмүрдүн сапаты жакпагандыктан, кийинки партиясын күткөнгө туура келди. Анан кийинкинин сапаты талапка жооп бергендиктен түшүртүп калгам. Учурда жакшы жылып жатат. Бакчанын жылуулугу талапка жооп берет”.
“Азыр кыштан чыгып калдык деген менен кыш канча убакытка созулары белгисиз. Акимге кайрылгандан кийин 1 тонна сапаттуу көмүр келип түштү. Бул көмүр менен кыштан чыгабыз дегенден алысмын. Ошондуктан учурда кайрадан кат түрүндө кайрылуу жазуунун үстүндө отурам”, – дейт №1ҮДТ клиникалык жетечиси Сайрагүл Асанова.
Айзат Түмөнбаева