Ак-Талаа районунда пандемиялык кырдаалга карабай балдардын жалпы саламаттыгы жакшы. Дарыканаларда муктаждыкка жараша дары-дарымектер жетиштүү. Билим берүү мекемелеринде атайын медайымдар бөлүнүп, алар балдардын саламаттыгын текшерип, көзөмөлдөп турушат.
Гүлбүбү Матанова Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эмчи айымы. Нөөмөткө ылайык Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектепке барып, окуучулардын саламаттыгына көзөмөл кылат.
«Балдардын саламаттыгын карап турабыз. Сыркоолоп келген окуучуларга кеңеш айтып, дары-дармек беребиз. Мындан сырткары пландуу эмдөөлөрдү жасайбыз. Жакында эле 11-16 жаштагыларга кептөөр, көк жөтөл, столбнякка каршы эмдөө жасалды»,- дейт.
Ал эми райондук жалпы дарыгерлер борборунун (ЖДПБ) жетекчиси Азамат Дүйшөналиев: «Омикрон балдардын саламаттыгына таасир эткен жок. Бирок балдардын саламаттыгы негизи эле мурункудай эмес. Тактап айтканда иммунитети алсыз, күчтүү эмес. Себеби абдан көп. Албетте аз кандуулук, туура эмес тамактануу, катаал шарт. ж.б» деди.
Омикрондун өзгөчөлүгү-тез тарап, ылдам жукчу. Бирок жеңил өтүүчү вирустук инфекция болуп саналат.
«Райондо балдар арасында бул илдет менен ооруган балдар, өспүрүмдөр катталган жок. Бирок дем алуу органдарынын ар кандай вирустук инфекциялык оорулар тамак оору, жөтөл, пневмония менен ооругандар болуп жатты. Ал эми азыр көбүнчөсү ичи оору менен келип жатышат. Мунун негизги себеби эртен менен балдар сабакка ачка келишет да кайра үйгө барганда тое жеп алышат. Башкача айтканда туура эмес тамактанып жатышат»,- дейт Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Айсалкын Саламатова.
Кыш чилдеде ооруканада тамак оору, жөтөл менен кабыл алууга келгендер абдан көп болчу. Азыр ага салыштырмалуу ооруган балдардын саны кескин азайды деп кошумчалады Айсалкын Саламатова.
Барчын Мамытбекова