23-февраль күнү Ат-Башы районунда республикалык деңгээлде дзюдо боюнча таймаш болуп өттү.
Мындай деңгээлдеги таймаш Ат-Башыда алгачкы жолу өтүүдө.
Мелдеш тууралуу Ат-Башыдагы Мухтар Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Темирбек Абдылдаев айтып берди.
«Чындыгында республикалык деңгээлде спорттун бул түрүндөгү мелдеш биздин райондо алгачкы жолу өтүп жатат. Бүгүнкү мелдешти биздин райондогу үч тренер: Бактыбек Садыков, Анарбек агай жана мен болуп ынтымак турнири катары уюштурдук. Максатыбыз- өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча деңгээлин өнүктүрүү, спорттун бул түрүн жайылтуу, мекенчилдикке тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет. Ал эми оюндун жүрүшү тууралуу айтсам 200дөн ашык балдар катышып жатышат, жогорку деңгээлде өтүп жатат десем болот. Бул мелдешти Ата- Мекенди коргоочулардын күнүнө карата арнап, ушул күнү өткөзүп жатабыз».
Ал эми алыскы Ысык-Көл облусунан бери келген катышуучу Руслан Сабыров мелдешке Кыргызстандын мыкты оюнчулары катышып жатканын белгиледи:
«Мен өзүм Ысык-Көлгө караштуу Тоң районунан болом, Ат-Башы районуна дзюдо боюнча чемпионатка келдим.
Азыркы учурда сезимдерим эң сонун десем болот, биринчи күрөштөрдө өз атаандаштарымды жеңип, финалда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алдым, бирок тилекке каршы жеңе албай калдым. Мен бул спорттун түрү менен биринчи класстан бери машыгып келе жатам. Ал эми бүгүнкү мелдеште атаандаштарды жеңүү кыйын болду, анткени Кыргызстандын мыкты оюнчулары чогулду десем болот. Ысык -Көл, Нарын, Ат-Башы, Кочкор, Чүй, Талас жана башка региондордон келишкендерине байланыштуу күчтүү балдар абдан көп болду.
Буюрса Кыргыз Республикасында чоңдор арасында чемпионат болот, ошол жактан мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, Кыргызстандын курама командасына кирейин деген ойлорум бар. Курама команда аркылуу дүйнөлүк чемпионаттарга катышкым келет.»
Жыйынтыгында 12 категория боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, тиешелүү дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Жылдыз Бекбоо кызы, Элиза Канатова