Акчасы аз элеттик окутуучу илимий диссертациясын жактай албай жүрөт. Табигий илимдердин кызматкерлери диссертация жактоого көп каражат сарпташат, себеби лабараториялык изилдөөлөр кымбат турат.

Аты-жөнүн айтуудан баш тарткан аспирант жогорку окуу жайда сабак берет. Экология боюнча аспирантураны аяктаган соң илимий ишин жактап, илимдин кандидаты болууну максат кылган. Бирок бул максатка жетүүдө каражат жагынан бир топ кыйынчылыктар бар экенин айтып, акча табуу жолдорун издеп келет:
“Мен аспирантмын. Окууну бүткөнүмө 4 жыл болуп калды. Илимий темам “Кыргызстандагы эс алуу мамлекетик парктын топурагынын экологиялык абалын изилдөө”. Топурак жаныбарлар, өсүмдүктөр үчүн эң негизги ролду ойнойт. Ошол үчүн топуракты экологиялык жактан текшерүү үчүн анын кычкылдуулугун, гумус канчалык деңгээлде, азот, фосфор калий текшериш керек. Эң негизгиси оор металдар нормасынан ашыкпы же азбы ошону текшерип лабараториялык анализдерди жүргүзөм. Анализ жүргүзүү үчүн реактив сатып алыш керек, алар абдан кымбат турат”.

Аспиранттын айтымында, ага керектүү анализдер Бишкектин бир эле лабороториясында жасалат. Баасы бир топ жогору. Биздин каармандын киреше булагы университеттен алган айлыгы гана болсо да Илимий кандидат болуу кыялынан баш тарткан жок:
“Атайын топурактарды изилдөө лабораторияга барып, иштеп арзандатуу менен 10- 20 миң сомго жасатып келем. Илимге акча бөлүнүп берилбейт. Билим берүү министрликке долбоор кылып жазсаң болот, бирок менин сунушум өтпөйт, себеби аны илимий кандидаттар гана жаза алышат”.
Топурактарга анализ жүргүзүү үчүн лабораторияны өз аймагындагы университетте ачып иштетсе болот. Анын пайдасын бир гана мугалимдер эмес студенттер практикалык иштерди аткарууда да колдонушмак. Окутуучу бул ойду ишке ашыруу үчүн мындан 4 жыл мурда Роза Отунбаеванын фондуна долбоор жазган.
“Долбоор жазып миң доллар грант утуп алгам. Ал акчага лабораториянын ишине тиешелүү эки жабдуу сатып алгам университет үчүн. Аны да алуу абдан кыйын болгон. Кыргызстандын ичинен гана сатып ала аласын же болбосо акча берилбей калат дешти. Бир уюм менен сүйлөшүп отуруп, Россия аркылуу араң алдыргам. Жалпысынан экологиялык изилдөөлөрдү жасоо үчүн 400 миң сомдук жабдуулар, химиялык түзмөктөрдү алсак, өз жумушубуздан эле жасасак болот, бирок мындай каражат жок”.
Аспирант бүгүнкү күнү диссертациясын жактоо үчүн өз чөнтөгүнөн 70 миң сомдон ашык акчаны сарптаптаган. Кийинки изилдөөлөр үчүн мындан да көп акча кете турганын айтты:
“Эми топурактарды, оор металлдарага текшеришим керек. Изилдөө учурунда уулу заттар чыгат, аларды чыгарбоо үчүн атайын жабдуулар болот. Текшерүү үчүн атайын реактивдер керек. Алар абдан кымбат турат. Аспирантураны бүткөндөн кийин диссертация жактоо үчүн 10 жыл убакыт берилет, менин болгону алты жыл убактым калды. Айлыгым болсо 12 миң сом”.
Мындай кичинекей суммадагы айлык менен өзүнүн изилдөөсүн өз убагында тапшыра аламбы деп сарсанаа болгон айым, Билим берүү министрлиги тарабынан ушул анализдерди жасоодо колдоо болсо деп тилейт.
Билим берүү министрлиги иштеп чыккан жобого ылайык илимий кандидат болууну каалаган адамдар алгач окууну бүтүп, аспирант болуп андан кийин илимий изилдөө жүргүзүшү керек. Сөзсүз түрдө чет өлкөлүк илимий журналга материалын жайгаштыруусу шарт. Анын баасы 30-50 миңге чейин турат. Бул сыяктуу талаптарга кошумча чыгымдар керектелет. Жана ошондой эле жаңы буйрукка ылайык жогорку окуу жайда билимди диссертациясын жактаган гана мугалимдер сабак бере алат. Бул мыйзам азыр талкууда турат. Эгер бул мыйзам ишке ашып калса, жумуш ордун жоготуп алам деген каарманыбыз дагы кайсы жактан кошумча киреше тапсам болот деп ойлонуп жүрөт.
“Билбейм эми мындан ары кандай болот. Балким универститетти таштап мектепте эле сабак берип калам. Ал жактын айлыгы универститеттикине караганда жогору. Ошол жакта иштеп, анализдеримди улантамбы. Бирок ушул диссертацияны тапшырып, универститетте эле сабак берип калгым келет. Илимдин кандидаты болгум келип жаткандын бир нече себеби бар. Биринчиден мен өзүм экологияны сүйөм. Экинчиден, пенсияга чыксамда иштей берсем болот деген мыйзам бар. Үчүнчүдөн, мен ушуну кыла алдым өз максатыма жеттим деп сыймыктанатат элем”.

Каарманыбыздын айтымында дал ушул табийгий илимдегилерге көп акча кетет, себеби биолог, экологдор изилдөөлөрдү жүргүзүүдө сөзсүз лабораториялык иштерди, анализдерди жасоосу керек. Ал эми гуманитардык жана башка илимдерге көп деле акча кетпейт, себеби, алар даяр фактылар же болбосо буга чейинки изизлдөөлөргө эле таянып ишин уланта берет.
Улуттук статкомитеттин 2021- жылга карата маалыматына ылайык Улуттук илимдер академиясындагы кызматкерлердин 51 % аялдар түзөт, бирок анын ичинен канча айым мындай көйгөйлөргө дуушар болуп илимий даражаларын ала албай жөн гана аспирант болуп жүргөнү белгисиз.
Айгуль Сакеева