Ысык-Көлдө «Кыргызмедиа CAMP» лагери өтүп атат. Бул лагерде өлкөбүздүн ар кайсы региондорунан келген Жамааттык медианын кабарчылары медиа тармагындагы жаңы тренддерди, сайтка материал жасоо, видео тартуу, СММ тармагын өздөштүрүп жатышат.
Аймактардагы Жамааттык мультимедиа борборлорунун кабарчылары үчүн уюштурулуп жаткан лагерди Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар бирлиги 2014-жылдан бери уюштуруп келет. Медиа борборлордун ишин алдыга жүргүзүүдө кабарчылардын профессионалдуулугун жогорулатуу максатында өтүп жаткан лагерде кабарчылар медиа тармагындагы жаңы билимдерди аталган бирликтин аткаруучу директору Назира Джусупова:
«Биздин уюм Ысык-Көлдүн жегинде 1-июлдан 10-июлга чейин «КыргызмедиаСAMP»- аталышындагы лагерин уюштурууда. Лагер 2 агымдан туруп, жалпысынан 24 катышуучу тандалып алынган. Алар топторго бөлүнүшүп теориялык жана практикалык сабактарды өтүүдө.
1-топ: Сайтта иштөө
2-топ: СММ
3-топ: Видео тартуу
Катышуучулар 3 багыттагы билим алып практика жүзүндө аны колдонушат эң негизги максатыбыз биз жыл сайын жаңы болгон тренддерди ушул лагердин катышуучуларына үйрөткөнгө аракет жасайбыз.»
Лагерде катышуучулар 3 топко бөлүнүп ар бир топ видео тартуу, смм багыты жана сайтка материал даярдоо боюнча билим алып жатышат. Ар бир топтун тренерлери бар.Топтордо кабарчылар теориялык билимдерди гана албастан практика жүзүндө дагы иш алып барышат.
«Тренерлер ушул медиада иштеген эле кызматкерлер. Сайтка материал даярдоо боюнча алып баруучу, журналист Айгерим Кубатбекова, техникалык адис Тимурлан Мелисбеков, СММ адис Перизат Таштанбекова окутуп үйрөтүп жатышат. Катышуучулар абдан жөндөмдүү, таланттуу, тың балдар жаңы нерселерди үйрөнгүсү келип, көздөрү күйүп жанган балдар бар экенин көрүп жатабыз. Көп учурларда айтып калышат, айылда интернет телефондон көп нерсени билип алышат бирок баары бир айылда көп учурда шаардан алыскы айылдарда балдар үчүн клуб билим берүүчү курсттар азыраак.Учурда көп окуутулар онлайн бирок көзмө-көз жолугуунун эффективдүүлүгү жогору».
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы «Тогуз-Торо FM» радиосунун кабарчы, ыктыярчысы Эвелина Жумабекова айылында радио ачылганда кызыгып иштеп баштаган. Эми кабарчылар үчүн уюштурулуп жаткан «Кыргызмедиа CAMP» лагерине катышып жатат. Өзүнө окшош өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген кабарчылар менен медиа тармагында жаңы билимдерди алып жатканын айтат:
«Менин кабарчы болуп иштегениме 1 жылдын жүзү болуп калды. Лагерге келип калганымдын себеби жетекчим Анара Маметова түрткү болду. Сайтка 10 материал даярдап, сынактан жеңип, лагерге келип калдым. Бул жерден көп нерсе үйрөндүм. Мен СММ тобунда болгондуктан биз жазган материалдарды Instagram аркылуу элге жеткирүүнүн жолдорун, ыкмаларын үйрөндүк.»
Белгилей кетсек, аталган лагер 1-10-июлга чейин уланат. Катышуучулар алган билимдерин өз аймактарына барганда айылдагы жаңылыктарды, көйгөйлөрдүү кызыктуу маалыматтарды жазууда колдоно алышат. Кыргызстанда 30 Жамааттык мультимедиа борборлор бар7
Мадина Жокенова