Пандемия учурунда социалдык медианын колдонуучулардын саны көбөйгөн. Адамдар билдирүү жазууда кастык тилин көбүрөөк колдонгону байкалган. Бул көптөгөн чыр- чатактарга алып келе баштаган.
Бакыт Кожокматов Кочкор районунда жайгашкан “Шапак” медиа борборун жетектейт. Журналист жаңылыктарды жазуу учурунда деги эле ар бир адам кастык тилин пайдаланып калуусу мүмкүн экенин белгилеп, атайын кастик тили боюнча вебинарга катышкан:

Бакыт Кожакматов
“Кастык тили бул конфликт жарата турган лексика экен. Мен буга чейин бул багытта көбүрөөк маалымат алсам деген максатым бар эле. Анан Жааматтык медианын кабарчысы Айгерим Кубатбекова ушундай вебинар уюштуруп жатканын билип калып сабагына катыштым. Эң башкысы тренингтен кастык тилин туура пайдалануу же аны кантип мээрим тилге айлантышы керек экенин билип алдым. Бул маалыматты билүү бир гана журналисттер эмес баардык адамдар үчүн маанилүү экен, себеби биз жөн эле сүйлөшүп жатып кастык тилин колдонуп алышыбыз мүмкүн. Ал болсо көптөгөн чыр- чатакка алып барат”.

Вебинар учурунда
Кастык тили жашоодо көп кездешет. Муну айрымдар атайлап айтса кээ бирлер байкабай дагы кастык тилин колдонуп алышы мүмкүн. Көп учурларда кастык тили контексте жараша белгилүү болот. Башка бирөөлөргө карата басмырлоочу, бөлүп жаруучу сөздөр кастык тилине мисал боло алат.
Жогоруда айтылган вебинарды жааматтык ЖМКлардын Бирлигигинин журналисти Айгерим Кубатбекова өткөн. Ал “Сөздүн күчү” долбоорунун алкагында өтүлгөн кастык тили боюнча тренерлер үчүн тренингге катышкан:

Айгерим Кубатбекова
“Билимди мен “IDEA” уюму тарабынан уюштурулган окуудан алгам. Шарт боюнча аны аяктагандан кийин кайра башка адамдар менен бөлүшүшүбүз керек эле. Мен ушул Жааматтык ЖМКлардын бирлигиндеги аймактагы Жааматтык медиалардын координаторлору, кабарчыларына вебинар кылып өтүп бердим. Жалпысынан 20 адам катышты. Сабак учурунда аларга кастык тили деген эмне, ага кайсылар кирет, журналистикада кастык тилинин мааниси жана зомбулуксуз коммуникацияны кантип курса болору туурасында айтып бердим. Аймактагы кабарчылар кастык тили боюнча маалыматтарды алган соң өздөрүнө анализ жасап мурда билбей бул лексиканы пайдаланып жатышканын байкай алышты”.

Айгерим Кубатбекова катышкан тренерлер үчүн окуу IDEA_CA уюму тарабынан уюштурулган. Ага 50 гө жакын журналист, активист,мугалимдер катышкан. Долбоордун координатору Бегимай Кулова кастык тили менен күрөшүү маанилүү экенине токтолду:

Бегимай Кулова
“Долбоордун башкы максаты бул хэйт спич менен күрөшүү болуп эсептелет. Хэйт спич – бул башка адамдарга карата айтылган жек көрүү, башка адамдын аброюна шек келтирүүчү сөздөр. Бул көрүнүштөр 2019- жылдан баштап, пандемия учурунда адамдар онлайн тармакка өткөндө күчөгөн. Алар көп деген чыр чатактарга алып келген. Ошол себетен биз биринчи этапта 50 гө жакын журналист, активист, мугалимдер үчүн окутууларды өткөргөнбүз. Алар өз аймактарына сабак өтүшү керек. Мындан тышкары атайын онлайн сабактар жазылып жатат кастык тили боюнча. Ушул айдын аягында хакатон өткөрөбүз. Ал жерде айти кызматкерлер атайын тиркемелерди жасап чыгышат соцтармактардагы хэйт спичти аныктап жокко чыгаруу үчүн”.

Байкабай сүйлөп алган сөз кийинчерээк чоң конфликттердин пайда болушуна шарт түзүп калышы мүмкүн. Коомдо кастык тилин жана жалган маалыматтарды таратууну жоюу, мээрим тилин пайдалануу зарыл.