2022-жылдын 31-мартында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Аймактардагы биргелешкен өнүгүү жана кызматташтыктын келечеги» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек стол Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) «Айылды инвестициялоо долбоору-3, кошумча каржылоо, COVID-19га жооп кайтаруу» долбоорунун алкагында болду. Тегерек столго айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары, ишкерлер катышышты. Тегерек столдун максаты- жергиликтүү коомчулуктарга жана өз алдынча башкаруу органдарына социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө, көйгөйлөрдү аныктоо жана артыкчылыкташтыруу болуп эсептелет.
Андан тышкары тийиштүү инвестициялык жана иш-аракеттер пландарын иштеп чыгуу, ресурстарды мобилизациялоо, ошондой эле көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу, жакырчылыктан арылуу болуп саналат. АРИСтин облустук өкүлчүлүгүнүн координатору Т.Рысбаев долбоорду ишке ашыруу механизмдери боюнча, долбоордун адиси Г.Токтосунова-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жамааттардын потенциалын жогорулатуу жана АРИСтин Ат-Башы району боюнча эксперти Н.Шайкидинов-долбоордун гранттык каражаттарын бөлүү механизмдери жөнүндө презентацияларын жасашты. Ал эми Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыров долбоорго айыл өкмөттөрүн активдүү катышып, айыл аймактарынын приоритеттүү долбоорлорун аныктап, көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иш алып баруу керектигин сунуштады.
Ошондой эле АРИСтин адиси Г.Токтосуновага жана Ат-Башы району боюнча эксперти Н.Шайкидиновго ыраазычылык каттарын тапшырып, иштерине ийгилик каалап кетти.
Асель Уркунбаева