Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 16-январда райондук деңгээлде көк бөрү оюну боюнча акимдин кубогуна мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке жалпысынан 9 команда катышып, 5 команда байгелүү кайтышты.
Оюндун расмий ачылышына КР Өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адылбек Сапаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров, Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана өрөөнүнөн келген өкүлдөр жана Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Маразыков Акбар катышты.
Оюндун жыйынтыгы боюнча 1-орунду Казыбек айылынын командасы багындырып, акимдин кубогу,20000 миң сом жана 100$ акчалай сыйлыкка ээ болушту. 2-орунду ээлеген Кара -Суу айылынын командасы -кубок, 15000 миң сом, 100$ акчалай сыйлык алышты. 3-орунду Ача-Кайыңды айылынын командасы ээлеп, кубок, 10000 миң сом, 100$ акчалай сыйлык менен кайтышты. Ал эми 4-орунду болсо 1-Май айылынын командасы багындырып, 10000 миң сом акчалай байге, 5-орунду болсо Терек-Суу айылынын командасы алып, 5000 миң сом менен сыйланды.
Ошондой эле мыкты оюнчу деген наам менен
1-Май айылынын командасынан ойногон Казыбек Эркинбек уулу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын атайын кол сааты менен сыйланды.
Мындан сырткары, Өзбекстандан келген атайын өкүлдөр жалпы катышуучуларга арнап улуттук аш (плов) тамагын даярдап беришти.
Жалпы байге фондуна салым кошкондор:
1. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана «Жол-Богошту» коомдук фонду менен биргеликте 50 000 сом.
2. Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович 10 000 сом.
3. Өзбекстан өлкөсүнөн келген делегаттар 300 $.
Көк бөрү оюнун мыкты деңгээлде уюштуруп берген Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Докоевге жана жалпы Казыбек айылынын тургундарына райондун акими Нурбек Сатаровдун жана жалпы администрациянын жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдиришти.
Асель Уркунбаева