Бүгүн 8-октябрь күнү Ат-Башы районун акими Нурбек Сатаров Ат-Башы элине кайрылуу жасады. Кайрылууда Ат-Башынын эли азыркы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу сунуштарын берүүгө чакырды.
«Урматтуу Ат-Башы районунун тургундары!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын башкаруу жана башка системалары өзгөрүү алдында турат.
Биз, Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынын алдында атайын «Сунуштар» кутучасын орноттук.
Эгерде өзүңүздөрдүн Ат-Башы районун өнүктүрүү, башка бир системаларды алмаштыруу боюнча сунуштарыңыздар болсо кат түрүндө жазып алып келип, дал ушул урнага салсаңыздар болот. Сунуштарды кабыл алууну 12-октябрга чейин улантып, 13-октябрь күнү өзгөртүүнү кабыл алчу өкүлдөргө жеткирип беребиз.
Жалпы Кыргыз Республикасында кабыл алынуучу жаңы системага Ат-Башы районун өнүктүрүү, өзгөртүү боюнча сунуштарыбыз кирип, жалпы районубузга пайдалуу болот деген ишеничтебиз. Сунуштарды кабыл алуу урна Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи кабатында коюлуп, күнү-түнү иштейт.
Биздин күч-бирдикте»,-деп билдирди аким.

Аким Нурбек Сатаров
Асель Уркунбаева