Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата, райондогу социалдык-экономикалык, маданий жактан өсүп-өнүүгө салымын кошкон айымдарынын сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, маданий иш- чара менен коштолду.

Айымдарга арналган чакан концерт уюштурулган
Иш чаранын жүрүшүндө Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров райондун өсүп-өнүгүүсүнө аялдардын да салымы зор, коомдо жана үй-бүлөдө орду чоң экенин баса белгилеп, жалпы айымдарды куттуктады.

Айымдарга атайын белектер жана грамоталар тапшырылды
Ошондой эле, Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаев дагы иш чарага катышып, жалпы айымдарды 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап өттү.

Нарын облусунун башчысы дагы айымдарды куттуктады
Атайын майрамдык иш-чарага чакырылган аял конокторго облус жана район жетекчилеринин белектери тапшырылды.

Кечеге чакырылган айымдар
Айымдарга майрамдык маанай тартууланды
Асель Уркунбаева