Ат-башы районунда жаңы пресс-борбор ачылып, алгачкы пресс-конференция болуп өттү. Анда райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Токторбай Кадыракунов жана чумага каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Рахман Каримжанов COVID-19га байланыштуу суроолорго жооп беришти.
Суроолорду алдын- ала ватсап номер аркылуу тургундар бергенге мүмкүнчүлүк болду. Андан кийин фейсбуктан түз эфирге чыгышып, элди кызыктырган суроолорго жооп берип жатышты.
Суроо-жооптун жүрүшундө карантиндин шарттары кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу маалымат берилди
Андан тышкары ,Токторбай Кадыракунов тургундарды гигиенаны жана дистанцияны сактаганга, элдерди чогулбаганга чакырды. Эгерде кимде ким оорунун белгилерин байкаса поликлиникага келбей эле мобилдик ыкчам топту чакуруусун өтүнүштү жана өз алдынча дарыланып жаткандар болсо антибиотик колдобоону суранышты.
Коронавирус илдетинен сак болуңуз!
Жумушта COVID — 19 вирусун алдын алуу эрежелери
Асел Уркунбаева