Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 5-г классынын окуучуларына «Чыны карагат» долбоорунун негизинде ланчбокстор тапшырылды.
Бул долбоор аталган мектепте 4 жылдан бери ар тараптуу багытта иштерди алып келет. Салттуу билим, биоартүрдүүлүктү сактоо, туура тамактануу, астрожайлоо жана мектеп театры.
Быйылкы жазылган долбоорду ишке ашырып жаткан уюштуруучулардын бири Үркүнбаева Асел бул жөнүндө оюн төмөнкүдөй билдирди:
«Акыркы долбоордо айыл жергесиндеги 5 үй-бүлөгө тосмосу менен карагаттар отургузулган болчу. Ушул эле долбоордун уландысы «Слоуфуд» кыймылынын философиясын жайылтуу болуп эсептелет. Слоуфуд бул «Жай тамак» башкача айтканда туура тамактануу.
5-класстан баштап балдар ысык тамак ичпей калышат. Ал эми 5-6 саат окуган бала эч нерсе жебей жүрө албайт. Сөзсүз түрдө дүкөндөрдөн ар кандай зыяндуу нерселерди алып жешет, же болбосо эч нерсе жебей жүрө беришет.
Биз бул акция аркылуу балдарды үйдөн кичине болсо дагы кургак тамактан ала келип жеп турушсун деген максат менен ишке ашырдык. Акциянын негизинде 30 балага ланчбокс жана бөтөлкөлөрү менен тапшырып бердик. Долбоор ИСУР коомдук фондунун жана «Көөнөрбөс Мурас» аркылуу ишке ашты жана аларга терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Андан тышкары колдоо көрсөткөн мектеп администрациясына дагы чоң рахмат».
Акциянын жүрүшүндө балдар колго жасалган, пайдалуу тамактарды ала келишип, 10 минуталык танаписте жеп турганга шарт түзүлгөн.
Ат-Башыда «Социалдык дүкөн» ачылды. Ага кимдер бара алат?
Токтобаева Гүлсүнай, Тургунбекова Айдай, Мирбек кызы Жибек, Ажыбек кызы Алтынай