Кыргызстандагы аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын демилгеси менен «Кыргызстандын айымдары» китеби жарык көрдү. Бул энциклопедияга өлкөдөгү өз коомунда мыкты иштерди жасаган 400 аялдын басып өткөн жолдору, иштери сүрөттөрү менен чагылдырылган.
Бул китептин тизмесин Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева толуктаган.

Аялдар конгресси Кыргызстандагы аялдарды колдоо максатында китеп жарык көргөн

Китепке Кыргызстандагы 400 аял кирген
30 жылдык эмгек стажысы бар мугалим Г.Турганбаева, 1992-жылдан бери аталган айылдын Ой-Терскен орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет. Мектепте иштегенден бери көптөгөн ийгиликтерге жетише алган. «Алиппе-билим башаты», «Чыпалак бала» жана башка үлгүлүү сабактары «Кут билим» газетасына, «Математика илиминин натыйжалуулугу» деген макала, «Заттын сын-сыпатын билдирген сөздөр» сыяктуу сабактары «Мугалим» илимий-педагогикалык түстүү журналында жарык көргөн.
Ал окуткан окуучулар жогорку класстарды аяктаганда дагы ЖРТдан жогорку упайларды алып келишет. Буга мисал, окуучусу жана өзүнүн кызы Толкун Жеткинбек кызынын «Алтын Тамга» жана «Алтын Сертификат» сыйлыгына ээ болгон.

Гүлүмкан Турганбаева
Андан тышкары, Гүлүмкан Турганбаева республикалык деңгээлдеги сынактарга катышып келет. Алардын бири Санжарбек Данияров атындагы фонд уюштурган «Биринчи мугалим» сынагы.
«Мен бул сынакка 5 жылдан бери катышып, ар дайым сыйланып келем. Быйыл 31-январда өткөн сынагында «Ардак грамота» менен апрель айында Бишкек шаарындагы эки күндүк маданий-маалыматты арттыруучу экскурсияга жолдомо алдым. Мындай конкурстарга катышуу мага чоң тажрыйба берип, өзүмдү өнүктүрүүгө чоң жардамын берет. Албетте «Кыргызстан айымдары» китебине киргеним, мен үчүн чоң сыймык болду. Бул дагы болсо биздин кылып жаткан эмгектин баалангандыгы деп эсептейм»,-деп билдирди биринчи мугалим.

«Биринчи мугалим» сынагына 5 жылдан бери катышып келем

Гүлүмкан Турганбаева көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Алардын катарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы толуктайт.

Замира Акбагышева менен