Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.
Кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында облустардагы район акимдерин ротациялоо чечими кабыл алынган.
«Жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:
Сатаров Нурбек Бейшеналиевич Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды;
Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Дайындоо аймактык кадрлар резервинен жүргүзүлдү;
Белгилей кетсек, өлкөдө өткөрүлгөн аттестациянын жыйынтыгында Нурбек Сатаров эң жогорку балл алып, ээлеген кызматынан жогорулатылсын деген сунуш берилген», -деп Ат-Башы райадминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Асель Үркүнбаева