Учурда миграцияда жүргөн ата-энелер арбын. Алар бир жагынан үй-бүлөсүнүн материалдык жактан камсыздайын дешсе, экинчи тарабында адистер мигрант ата-энелердин балдары жетиштүү мээрим ала албай зордук-зомбулукка кабыл жатышканын айтып келишет. Психолог Гүлшайыр Жунусова мигрант ата-энелер үчүн эске алчу жагдайларды белгилеп, төмөндөгү сунуштарды айтат.
Өткөн кылымдын 60-жылдарында батыш психологу Дж. Боулби бөбөктөрдүн апасына болгон жылуу мамилесин изилдеп чыккан. Окумуштуулардын изилдөөсүндө бала менен эненин ортосунда ушунчалык жылуу мамиле болуп, ымыркайдын социалдашуусуна өбөлгө түзөт. Ошондуктан, мүмкүн болушунча эне баласын 2 жашка чейин эмизүүсү керек экен. Эмизүү убагындагы эне менен баланын баарлашуусу баланын эмоционалдык-моралдык абалына оң таасир этип, өзүн сүймөнчөк катары баалоо менен чоңоет.
“Негизи психологдор энеге болгон кусалыкты эч нерсе менен толтуруп болбойт деген жыйынтыкка келишкен. Бул баланын кийинки жашоосуна психологиялык жактан жана ден-соолугуна дагы зыянын тийгизет экен. Энеден алган мээрим менен бала көп жакшы ийгиликтерге жетишет. Себеби, балада мени апам жакшы көрөт, мени менен чогуу болот деген ишеним менен чоңоет. Өзүн бактылуу сезет.”
Ата-энесинен алыс жүргөн балдарда өзүмчүл жашоого кирип кетүү коркунучу турат. Ата-энем чет өлкөдө мен бул жерде досторум менен өзүнө жашоо баштайм деген коркунуч бар. Ата-эненин тарбиясын, үлгүсүн толук кандуу ала албаган бала өзүнчө жашоосун алып кетүүгө эрте үйрөнүп калуу коркунучу туулат.
Ошондуктан бала менен ар дайым байланышта болуп туруу менен, алардын жан-дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдү да баамдоо зарыл. Анын үстүнө балдар ата-энеси алыс жакта жүрсө дагы дайым алар көзөмөлдөө экенин, ата-энеден мээрим алып жатканын жана алар бир үй-бүлө экенин сезип чоңоюшса жакшы болот.
Камкордук менен көзөмөл бирдей жүрүш керек
Көпчүлүк ата-энелер бир гана көзөмөлгө өтүп алышат дагы камкордук унутта калып бараткандай. Сиз балаңыз менен сүйлөшкөндө бир гана сын-пикирлерди айтып отурсаңыз ал баарлашуудан качып, ар кандай шылтоолорду ойлоп табуусу мүмкүн. Андыктан алгач сагынганыңызды, анын ал жайын сурагандан киийн гана сын айтсаңыз болот. Сынды дагы баланын өзүнө эмес кылган аракетине карата сын айтуу натыйжалуу.
Ошондой эле бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер кетирүүчү каталардын бири салыштыруу. Балаңызды өзү менен гана салыштырыңыз. Мисалы, биринчи класста кандай окуган болчу, кандай кыйынчылыктарды жеңгенин айтып, аны алдыда үндөгөн оң. Башка балдар менен салыштырганда майнап чыкпайт, тескерисинче өзүңүздөн алыстатып алуу коркунучу туулат.
Сиз өз баланыздын ата-энеси катары мээримге бөлөп чоңойтсоңуз, ар бир балаңызга келечегин түптөгөнгө өбөлгө түзгөн болосуз. Акча табуу менен гана алек болсоңуз балаңыздын тарбиясынан уттуруп коюшуңуз мүмкүн. Андыктан, алардын адебине, таалим-тарбиясына эбегейсиз көп сарптаганда гана балаңыздын келечекте мыкты инсан болушуна шарт түзгөн болосуз.
Бала тарбиясы туурасында материлдарды бул жерден окусаңыз болот:
Кантип баланы өзүнө ишенимдүү кылып тарбияласа болот?
Ата-энелерге кеңеш: Баланы мектепке даярдоо
Психолог: Азыркы муундун балдары салыштырууну кабыл алышпайт
Психолог: «Азыркы балдарга эмоционалдык байланыш жетишсиз болуп жатат”
Сиз балаңызды тилдейсизби? Орой сөздөрдүн өспүрүмдөргө тийгизген кесепети
Айгерим Кубатбекова