Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектеби авариялык абалда. Бул мектеп 1927-жылы курулган. Окуучулар мектептин авариялык абалына карабастан билим алууга мажбур.
Аталган мектеп 3 корпустан турат жана 314 окуучу окуйт, 27 мугалим эмгектенет. Кара-Тоо айылында жалпысынан 800гө жакын балдар бар, алардын көбүнчөсү 4 чакырым алыстыктагы Кочкор айылына барып-келип окууга дуушар болууда. Айыл тургундары жана мектеп жетекчилиги көп жылдан бери жаңы мектеп куруу тууралуу кайрылууларды жасап келет.
Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектебинин директору Талгар Исаев курулушу токтоп турган мектеп тууралуу мындай деди:
“Баарыңарга белгилүү болгондой эски мектебибиз авариялык абалда болгондуктан, бир нече жылдарга созулган иш аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын 17-сентябырында жаңы мектептин курулушу башталган. Ал мектепттин курулушун баштоого 5 миллион сом бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттен. 5 миллион сомду өздөштүргөндөн кийин тилекке каршы кошумча каражат бөлүнбөгөндүктөн мектептин курулушу токтоп турат. Учурда болсо, мамлекеттик бийлик Билим берүү министирлиги тарабынан ар кандай инвесторлорду тартуу боюнча көптөгөн иш аракеттер болгонун билебиз. Ошондой иш- аракеттердин натыйжасында биздин мектеп дагы инвесторлордун эсебинен салынмай болуп жатат.”
“Мектебибиз негизинен көптөгөн кыйынчылыктарага, бут тосууларга дуушар болуп жатат. Балдарыбыздын билим алуусуна көп нерселер жетишсиз болуп жатат. Бирок ошентсе дагы балдарыбыздын билим алуусуна мугалимдер жогорку деңгээлде аракет кылып жатышат. Бирок бул көрүнүш мугалимдерге, балдарыбызга тоскоолдук кылып жатат. Бул мектепте актовый зал, спортзал жоктугунан кышкысын эшикке ойношот. Жайында көп билинбейт бирок кышында кар, жаан болгон убактарда балдарыбыздын кийимдери баткак , буттары булганыч болуп , катуу аркта тартылуу болот.
Андан тышкары, дагы мектебибизде балдар үчүн китепкана жок. Бир класс берилген бирок, ал китепкана кичирээк, муздак болгондугуна байланыштуу анын ичине көп иш аракеттерди алып барууга тескери таасирин тийгизип жатат. Лабараториялык кабинет да жок. Лабораториялык кабинет абдан керек, балдарга химия сабагында практикалык иштерден артка калышууда”,- дейт ата-энелер комитетинин төрайымы Нурия Тентиева.
Шарыпек Абдылдаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу-Элзат Кубанычбекова мектептин абалы боюнча буларды айтты:
“Эртен менен келгенде класс чаң, кир болуп калат. Анткени шыптан чаң, саман кээде көгүчкөндүн боктору түшүп турат. Ошондуктан эртең менен келгенде тазалык иштерин жүргүзүүгө туура келет. Жана электр зымдарынын дагы эскилиги жеткен, шып дагы ийилип бара жатат. Ошондуктан окуучуларга өтө эле кооптуу деп ойлойм.”
Белгилей кетсек, Билим берүү министри Болотбек Купешев сентябрь айында мектептин абалы таанышып, КРсынын президенти менен биргеликте инвесторлорду тартып келип, иш башталгандыгы тууралуу айтып кеткен.
Турсуналиев Шейшен:
Ушул мектепте 1981-жылдан бери эмгектенип келе жатам 40 жыл болду.Ушул мектепте окуп бүткөм 1969-жылы мектепке кирип 1979- жылы аяктап окуу жайды бүтүп келгенден бери ушул мектепте иштеп келе жатам.
Көйгөйлүү маселелер өтө көп, ушул мектеп 1927-жылы курулган. Кыргызстандагы алгачкы мектептердин бири, 80 жылдан ашып калса дагы эмгиче жаңы мектеп курулбай, минтип пайдубалдардын баары түшүп, ичи жарылуу коркунучунда МЧС тарабынан жараксыз деп чыгарылган. Президенттердин баарына кайрылганбыз,акча бөлүнөт деп коюп бөлүнбөйт, жаңы мектептин курулушу токтоп турат.»
Фарида Дүйшөмбиева кыргыз тили мугалими. Ал мектептеги иштөө шарттары жок экендигин айтты:
«Негизинен бүгүнкү күндөгү бизде мугалимдердин иштөө шарты жөнүндө айта кетсек, негизинен бизде корпус үч бөлүктөн турат, бул жерде үч корпуста бөлүнүп окушат. Корпустар бири-биринен алыс болгондуктан мугалимдерге убакыттан уттурабыз. Көпчүлүк учурда переменада бир корпустан башка корпуска келгичекте убактыбыз кетет. Балдарга билим берүүдө дагы ушул убакыттын тардыгы жана корпустагы кемчиликтер көп болгондуктан бизге өтө кыйынчылык туудурат. Ошого карабастан мугалимдерибиз талыкпай билимин берип, эмгектенип, келе жатат.
Мисалы ала кетсек, эң жөнөкөй эле биздин мектепте спорт залдын жоктугу, балдарды дене тарбия сабагын өтүүдө дагы өтө чоң мүчүлүштүктү жаратат. Кышкысын өзгөчө кыйынчылыкты туудурат. Андан кийинки айта кете турганыбыз маданий актовый зал жок балдарды кичинекей корпустарга же залга өтүүгө туура келет. Жана ал жагынан да өзгөчө кыйналабыз. Андан тышкары, эң чоң маанилүү маселе болгон олимпиадага окуучуларды даярдоодо корпустардын тардыгынан сабактан кийин балдарды чакырып өтүүдө дагы кеч калып калабыз, ошо корпустардын аздыгы жолтоо болот.
Балдарыбыз дагы кошумча билим алуу үчүн китепканабыз дагы муздак жана тар болгондуктан ал жакка кирип дагы окурман катары китеп окууга мүмкүнчүлүк жок. Биздин мектеп эски болгондуктан, балдарга көп жагынан кедергисин тийгизип келет, ошо менен катары мугалимдердин даярдануусуна шарт жок.»
Мээрим Дүйшөнбекова, Айжаркын Эрмекова,
Талантбек кызы Жаркынай, Жансултан Жеңишов