Алимент көп учурда үй — бүлө ажырашканда ата тарабынан жашы жете элек балдарга төлөнөт деген түшүнүк коомдо калыпталынып калган. Жашы жете элек баланы ата-энеси өстүрүүгө милдеттүү. Эгер бул милдетти ата-эненин бирөөсү аткарбаса, мыйзам чегинде алимент өндүрүүгө туура келет.
Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк кодексинин 85-берене төмөнкүдөй түшүнүктү берет. Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат. Бул боюнча юрист Айбек Өмүралиев төмөндөгүлөргө токтолду:
Ар бир ата – эне өзүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Бул мыйзамда так көрсөтүлгөн. Коомдо алиментти эркек киши гана төлөйт деген түшүнүк кеңири жайылган. Бул ката түшүнүк, анткени алимент атасына да, энесине да тийиштүү. Дагы бир жаңылыш түшүнүк бар. Алиментти ажырашып, 2 бөлөк жашап калгандан кийин гана алимент төлөш керек деп ойлошот. Мыйзам боюнча чогуу никеде туруп балдарды камсыздабаса дагы алимент өндүрсө болот.
Бизге көбүнчө жалгыз бой эне же жалгыз бой ата болуп калгандан кийин көп кайрылышат. Балдар кимдин багуусунда калса, мисалы, эгерде атасынын багуусунда калса энеси алимент төлөйт, ал эми балдар энесинин багуусунда калса алиментти атасы төлөөгө милдеттүү.
Алимент тууралуу кеңири маалыматты алдыдагу аудиосюжеттен уксаңыз болот.
Алимент – үй-бүлөлүк укукта багуу каражаттары. Никелешүү, бала асырап алуу ж. б. алименттик мамилелердин негизи болуп саналат. Алимент алууга жашы жете элек балдар, айрым учурларда үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү укукту.
Даткайым Орозакунова