Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде өспүрүмдөр арасында тартип бузулардын алдын алуу боюнча жыйыны өткөрүлдү. Аталган иш-чарада Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөсүндөгү милициянын капитаны Изатбек Зикиров жана жана өспүрүмдөр менен иштешкен милициянын кенже лейтенанты Сталбек Эркуловдор түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар лицейдин тарбиячыларына, мугалим устаттарына үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу ошондой эле өспүрүмдөрдү профилактикалык каттоого алуунун түрлөрү жана алар менен иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн айта кетишти.
Учурда актуалдуу болгон өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуунун уюштуруу иштеринде алардын инсандын калыптануусуна туура багыт берүү керек. Алардын жүрүм-турумунун өзгөрүүсүнө, педагогикалык каражаттар жардамында таасир берүү менен туура жолго салуу максатында тарбиялоо үчүн ар кандай ыкмалар бар. Ал эми өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу иштеринде эң негизги көйгөйлүү маселе аны туура уюштурулуусу жана башкаруу жолдору экендиги баса белгилеп көрсөтүү зарыл.
Бүгүнкү иш чаранын арасында окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Чынара Алиева өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуулар тууралуу видео ролик көрсөтүп, мугалим устаттарга өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча пландар менен тааныштырды.
Ал эми окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Назарматова: «Бүгүнкү күндө кылмыштуулуктун алдын алуу бир гана юристтердин ишмердүүлүгү эле эмес, ал өз ичине педагогикалык тарбияны жана коомчулуктун кийлигишүүсүн камтый турган иш аракет экендигин билүүбүз зарыл. Балдарды тарбиялоо, мыкты билим берүү жана алардын ийгиликтерге жетүүсүнө туура багыттарды көрсөтүү боюнча мындай иш чараларды байма-бай уюштуруу ошондой эле ага ата-энелерди да катыштыруу жакшы жыйынтык берээри айта кетти.
Иш чаранын соңунда Сталбек Эркулов өспүрүмдөргө туура тарбия берүү, эң негизги маселердин бири болгондуктан алар менен жумуштарды жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн биргеликте иш алып баруу зарылдыгын айтты.
Турсун Омуралиева