Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейге атактуу каскадер, “Көк-бөрү”, “Перекупщик”, “Напарниктер-2”, “Викинг”, “Мулан” ж.б. көптөгөн кинолордун каарманы Эрлан Жанышбек уулу болду. Лицейдин окуучуларына Эрлан мырза тренинг өтүп, өзүнүн трюктарынан көргөздү. Жаштарга натыйжалуу кеңештеринен берип, жакшы маанай тартуулады.
Сурөттө: Эрлан Жанышбек уулу
Эрлан Жанышбек уулу 1991-жылы 3-Сентябрда Ош облусуна караштуу Жырал айылында туулган. Кесиби боюнча каскадер, режиссер. Эрлан мырзаны Турция, Кытай, Индия, коңшуу өлкөлөрдүн тасмаларынан жана ошондой эле Голливуд тасмаларынан дагы көрө алабыз. Мисалга алсак, баарыбызга белгилүү болгон “Мулан”. Disney`дин ар бир тасмасы эл арасында сүймөнчүлүккө айланат. Дал ошол тасмада Nomad Stunts каскадерлор тобунан 13 адам, анын арасында Эрлан мырза дагы катышкан. Мындай бийик деңгээлде тартылып, Кыргызстандын атынан чыгуу сыймык.
Балдар аябай кызыгуу менен угушту
Эрлан мырзанын айтуусунда: “ Мынчалык чоң деңгелде лицей болот деп эч ойлогон эмесмин. Келип, аябай таң калдым. Балдар аябай жөндөмдүү, аракетчил экен. Негизи ар бир инсан, кайсы тармактын ээси болбосун, өзүнүн билими менен бөлүшүш керек ”
Эрлан мырза балдарга өзүнүн трюктарын көргөзүп жатат.
Келечекте каскадер болуп, тасмаларга тартылам деген балдарга Эрлан мырза өзүнүн кеңештерин айтып кетти: “ Каскадер болуш үчүн, биринчи – тренировка, окуш керек, күнүнө жок дегенде 2-3 саат машыгуу керек жана ошондой эле туура тамактануу. Эң башкысы – аракет. Аракет кылсан, берекет.”
Эрлан Жанышбек уулу кесиптик лицейдин балдары менен
Нурай Ибраева