Бүгүн 29-мартта Суусамыр өрөөнүндө түнү менен жааган кардын калыңдыгы жарым метрден ашып, катуу бороон чапкындын кесепетинен жолдор жабылып калган.
Абал тууралуу айдоочулар жана жүргүнчүлөр видео жана сүрөткө тартып, вотсап топторуна жөнөтүп башташкан.
Садыр Самудинов 1-май айлынын тургуну. Ал жол жабылып калгандыгына байланыштуу жумушуна бара албай жатканын айтты:
“Мен ДЭП-9 да иштейм, жол жабылып калып жумушубузга бара албай жатабыз. Бороон аябай катуу болуптур, грейдердин алы жетпей жатат.”
Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Нурдасан Кулматов абал боюнча төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
“Түн ичинде жааган кардын кесепетинен азыр ушундай абал болууда. Учурда Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу «Достук» ишканасынын техникалары иштеп жатат. Бир экскаватор Суусамыр айылына кире бериш жолдо, бир грейдер Кайсар айылынын жолун тазалап жатат. Ал эми 1-май айылына Кайсар айылын бүткөн соң барат.”
Нурдасан Кулматов Суусамыр айылдык метеостанциядан эч кандай алдын ала билдирүү болбогонун кошумчалады.
Айыл тургундары эртен менен электр жарыгы өчүп калганын да билдиришкен. Мындан улам, Суусамыр айылдык «Север электро» бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Ашырбек уулуна кайрылганыбызда туруксуз аба-ырайы электр жарыгын үзгүлтүккө учуратпаганын, айылда электр жарыгы бар экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Суусамыр өрөөнү өлкөдөгү климаты катаал аймак болуп эсептелет. Кыш мезгили бул аймакта 6 айга чейин созулат.
Зыйнат Самар кызы