Нарын районуна каршатуу Учкун айылынын тургуну Нурзия Чегирткеева «эң жаш баатыр эне» наамын алган. Учурда үйүндө 12 адам жашайт. Кээде аларга тамак-аш жана кийимдер жетишпей калаарын айтат ал.
Учкун айылында мындай баатыр энеден бирөө гана. Нурзия Чегирткеева 34 жашта, жети баланын апасы. Үйүндө туугандарынын да балдары бар, алар менен жалпы 12 адам жашайт дейт ал.

«Алмазбек Атамбаевдин колунан алтын төш белгини 2015-жылы алгам. Абдан сүрдөдүм. Биздин үйдө менин жолдошум иштейт, анын тапкан акчасына тамак-аш алабыз, балдарды аз да болсо кийинтебиз. Кайненем менен кайнатам пенсия алышат, бирок алар акчаларын өздөрү алышат. Өзүлөрүнүн дарыларынан бизге акча деле ашпайт», -деди Чегирткеева.

Чегирткееванын айтымында, кээде акча кеч тийип, үйдө тамакка жетишпей калган күндөр болот. Андай учурларда көбүнчө дүкөнгө карызга жазылат.

«Мага эч кандай жардамдар көрсөтүлбөйт. Бирок кичине жардам беришсе жакшы болот эле, көп баланы багуу деле кыйын да. Эмнеге жардам беришпейт, ал жөнүндө деле ойлонбоптурмун», — деп белгилеп өттү Чегирткеева.

Балдарына көп учурда кийимдерди, байпак, топуларды өз колу менен түйүп берет.
«Мен көпчүлүк учурларда кийим деле сатып бербейм. Интернеттен карап кыздарыма кооз топуларды түйүп берем», — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Айжамал Рысбек кызы, Мунара Бердибек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн