Ак-Талаа районунда 14-15-январда окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтөт. Анда ар бир мектептен экиден окуучу он предмет боюнча катышуусу шарт.
Учурда билим берүү бөлүмүндө атайын комиссия түзүлүп, жогорку денгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө.
Быйылкы олимпиаданын өзгөчөлүгү — мурда бардык тапшырмаларды комиссиянын курамындагы мугалимдер олимпиада болор күнү иштеп, түзүп чыгышчу. Ал эми бул жолу бардык тапшырмалар Нарын облустук билим берүү округунан даярдалып келди.
Билим берүү бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак, окуучуларды олимпиадага даярдап алып келүүдөгү коопсуздугу боюнча мектеп директорлоруна милдеттендирилген. Жыйынтыгында алдыңкы орундарды камсыз кылган окуучулар олимпиаданын облустук туруна жолдомо алышат.
Даярдаган: Г. Мамытбекова
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!