Ноокат районунуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Адылжан Полотов өз колу менен тегирмен жасады. Учурда өз тегирмени менен элге кызмат көрсөтүүдө.
Адылжан Полотовдун тегирменди элдин көйгөйүн чечүү, элге жардам берүү максатында жасаган. Башка тегирмендерге караганда өзгөчөлүгү — бир жерден башка жерге жылдырып көчүп иштегенге жана колдонгонго ыңгайлуу.

Тегирменди жасаганга бир жума убакыт кеткенин айтты.

«Эч кандай акча кеткен жок. Баарын үйдөгү колдонулбай турган буюмдардан алып жасадым. Дагы чөп кырккыч жасагам, учурда самоток жасап жатам», — деди ал.

Тегирменде буудай, арпа, жүгөрү тартууга болот. Саатына 100 кг тартат. Килограммын бир сомдон тартып берет.

Айыл тургундары тегирменге дан азыктарын алып келип тарттыра башташты.

Мубара Кадырова «Биздин жемди тез эле тартып берди. Тартылган жемди малдарга, койлорго берип жатабыз» деп айтып өттү.
Даярдаган: Кундуз Адылжан кызы
Редактору: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн