Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулуктун бир нече түрүн кездештирүүгө болот. Физикалык, сексуалдык жана психологиялык зомбулук тууралуу көп айтылганы менен экономикалык зомбулук бар экенин жана адам ага кабылып жаткандыгын сезишпейт.
Экономикалык зомбулук деген эмне жана аны кантип билүүгө болот, анын алдын алуу жолдору тууралуу Оттук айылынын Аялдар кеңешинин төрайымы Төлөбүбү Бополоңова төмөнкүлөрдү айтат:
«Зомбулук бул адамдын эркин чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн системалык түрдө кайталанып туруучу,баягы адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир этүүчү фактылар. Анын ичинде экономикалык зомбулук адреси бар адамдын финанс каражаттарын көзөмөлдөп, дайыма отчет алуу байкалат. Мисалы акчаны кайда коротуп жатканын, эмне себептен короп жатканын тууралуу. Ошондой эле күйөсү аялына ишкерлик кылайын деп жатса, жасаба,үйдө отур,бала кара, сага эмне жетишпейт деген сыяктуу күйөсү тарабынан дагы экономикалык зомбулукка кабылып жатышат.»
Элетте экономикалык зомбулукка кабылгандар көп кездешет. Бирок аларда бул тууралуу маалымат жок болгондуктан, нормалдуу нерсе катары кабыл алышат. Себеби, үйдө акча каражатты эркек киши же болбосо кайын эне же кайын ата кармашы керек деген түшүнүк калыптанып калган.
«Мурунку эски жылдарды баягы кайын энеси келин уулуна акча карматпай, үстөмдүк кылып экономикалык зомбулукту көрсөтүшчү. Бирок азыркы учурда андай көрүнүштөр солгундап, жокко эсе болуп калды. Андан сырткары биздин эркек жарандарыбыз деле экономикалык зомбулукка кабылышат»,-дейт Төлөбүбү Бополоңова.
Айыл тургуну (атын атагысы келген эмес) зомбулуктун мындай түрүнө аялдар гана эмес эркектер дагы көп чалдыгышат дейт:
«Менин оюмча экономикалык зомбулукка эркектер көп чалдыгышат. Айрыкча билими, кесиби жок эркектерге жумушка орношуу кыйын. Тем более жаш өткөндө. Үй бүлөнү багуу үчүн бардык иштерге барышат. Тапкан каражаттары үй бүлөнү толук кандуу багууга жетпеген учурлар көп. Мындай нерсе аларга психологиялык жактан кайсы бир деңгээлде өзүнө болгон ишенимин төмөндөтөт. Дагы бир учур, эркектер аялдарга караганда пенсияга да 10 жылга кеч чыгышат. Албетте бул да таасирин тийгизет деп ойлойм».
Нарын шаарындагы “Аруу тилек” кризистик борборуна ар түрдүү зомбулукка кабылган адамдар кайрылышат. Алардын арасында экономикалык зомбулукка туш болгондор да бар. Кризистик борбордун жетекчиси Жылдыз Капарова экономикалык зомбулук көргөдөрдүн көбү жумушсуз, жогорку билими жок экендигин айтат:
«Борборго оор турмуш кырдалга кабылдан балдар жана үй бүлөлөр келет. Бизде ушу убактылуу баш калкалоо берилет. Себеп дегенде, ошол зомбулук көргөн же ата-энесинен ажырап калган же кароосуз калган, үй жайсыз калган адамдар жана балдардын көйгөйү чечилгенчекте бизде жашап турушат. Бир эле формасы эмес зомбулуктун бир канча формасын көргөн адамдар келет. Арасында экономикалык зомбулук көргөндөр да келет. Себеп дегенде, кийим алыш керек болсо кийим ала албайт,жөнөкөй мисалы балдардын бут кийимдери жок маселен атасын кайда десек атасы акча тапкан эле болот бирок сезонный кийим алып бере албаган, окуу куралдарын алып бере албаган, мүмкүнчүлүгү туруп деле ошону алып бербеген учурлар бар да. Мен ойлойм ушунун баары дагы экономикалык зомбулукка кирет деп. Өзгөчө энелер келет бизге, иштеген иши жок, билими жок анан иштеген иши жок, билими жок, кесиби жок жолдоштор көбүн эсе ушу экономикалык зомбулукка дуушар болушат.»
Экономикалык зомбулуктун алдын алуу үчүн арю бир адам каржы маселесин ойлонуп, кошумча киреше тапканды үйрөнүүсү зарыл. Ал эми үй бүлөдө бардык нерсе жетиштүү болуп, бирок жубайлардын ортосунда чектөө, акча каражатын колдонууга бөгөт коюу, керектөөлөрдү орундатууга мүмкүнчүлүк берилбей же билим алууга тоскоол көрсөтүлүп жаткан учурлар байкалса, анда көйгөйдү тез арада жок кылууга аракет жасоо маанилүү. Болбосо абал зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол ачат.
Акылай Алмазбекова