Жыл өткөн сайын эрте турмуш курууга умтулган жаштардын саны көбөйүүдө, алардын айрымы салтка таянса айрымдары шариятка таянат. Бирок тилекке каршы медицина жана психологиялык жактан зыянга учурап каларын эске алышпайт. Ошондон улам ар кандай патология менен жабыркаган жана убагына жетпей төрөлгөн наристелердин саны дагы өсүүдө.
Эгерде жеке Суусамыр айылындагы статистикага таяна турган болсок, өткөн жылдарга салыштырмалуу жашы жете элек турмуш курган өспүрүм кыздардын саны жокко эсе болуп бара жатат. Бул өзгөрүү ата энелердин көз карашын өзгөртүүсүнө байланыштуу деп эсептейт Суусамыр милиция бөлүмүнүн башчысы Жээнтай уулу Талгарт:
“Азыркы учурда ала качуу боюнча кылмыш жаза кодексине 175 беренеси ( адам уурдоо ) киргенден бери Суусамырда эрте турмуш куруу фактысы жокко эсе. Негизи мыйзамда деле каралган жашы жете элек кыздарга турмуш куруу болбойт. Эгерде кызды ала качып кетсе, анда кылмыш жаза кодексинин адам уурдоо беренеси менен иш козголот. Эгерде 2021-2022 жалдарга кайрылсак, жаш үй- бүлөөлөр тарабынан үй- бүлөлук зомбулук фактысы катталган эмес. Жыл өткөн сайын ата энелердин көз карашынын өзгөрүп бара жаткандай. Эрте турмуш куруу же болбосо жашы жете элек өспүрүмдөрдүн никеге туруусу дагы жокко эсе. Себеби ата энелер балдарга жогорку окуу жайга өтүп, татыктуу билим алуусуна көпүрө болуп беришүүдө десем жаңылышпайм”.
Эрте турмушка чыгуу кыздын билим алуусуна тоскоол болот. Жашы жете элек эне өзүнүн организминин толук кандуу жетилбегендигинен улам аз кандуулук, наристенин иммунитетинин жоктугу, убагына жетпей төрөө, боюнан түшүп калуу, наристенин ар кандай патологияга чалдыгуусу жана башка оорулардын келип чыгышына себепкер болот. Ушундан улам жашы жете элек кыздарга нике кыюуда имамдар кыздардын жашын карайбы деген суроо менен Суусамыр айылындагы дин кызматкери Эрлан Кылычбековго кайрылып көрдүк:
“Албетте Кыргыз Республикасынын мыйзамында жашы он сегиз жашка чейинки өспүрүмдөргө турмуш курууга тыюу салынган. Жашы жете элек улан- кыздардын турмуш куруусуна каршымын, бирок Ислам шариятында улан кыздар толугу менен жетилген болсо турмуш курууга уруксат. Бирок биз кыргыз жараны болгондуктан нике кыюу аземинде мыйзамга баш ийебиз жана никеге туруп жаткан жарандарды каттоого алабыз. Никеге туруп жаткан жарандардын аты жөнү , паспорту текшерилет, андан тышкары эки тараптан тең улуулардын макулдугу менен гана журналга кол коюлат».
Эксперттердин айтуусунда ажырашуу жана үй- бүлөлүк зомбулукка кабыл болгондордун басымдуу бөлүгү эрте турмушка чыккан улан кыздар. Кээ бир кыздарды зордоп ала качып кеткен болсо, айрымдарын ата энеси динге таянып мажбурлап турмуш жолуна узаткан: Суусамыр айылдык аялдар кеңешинин төрайымы Нурзат Райымбекова төмөндөгүдөй оюн билдирди:
“Эгерде медицина жагынан алсак, эрте турмуш курган кыздар ар кандай көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Себеби жаш кыз психикалык жактан жана организми даяр эмес. Эрте турмуш куруу жеке эле кыз балага эмес жаш эркек балдарга дагы терс таасирин тийгизет деп ойлойм, себеп дегенде бир үй- бүлөнүн куруу дагы бул чоң жоопкерчилик. Ага психикалык жактан алдын ала даяр болуу керек, анткени башка бүлөгө кошулуп такыр тааныш эмес чөйрөгө аралашып, алардын мыйзамына көнүү дагы оңой эмес.”
Айтурган Кушкарбекова