Жергиликтүү кеңештин сессиясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого жооп издеп Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана аталган аймактын жооптуу катчысына кайрылдык.

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Асылкерим Кыдыков
Сары-Булуң айылдык кеңешинде 3 сессия болуп өттү. Сессияда айылдык кеңештин төрага, орун басарлары, туруктуу комиссиялар такталды. Иш пландар түзүлүп, бекитилди. Негизги көйгөйлүү маселе болгон жер маселеси элдик жыйында бекитилген. Калктын ой -пикирин эске алуу менен жер маселеси сесссияга киргизилген. Бул туурасында Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Асылкерим Кыдыков билдирди.
“Бул иш планда жергиликтүү айыл аймагындагы ФПСтин канча жери бар, канча кишиге кандай жол менен берилгендиги тууралуу так маалыматты алдын алуу максатында жана элдин талабын мындан ары толук аткарып, жолун издөө максатында сессияда каралган. Сессияда жер адисинин кыскача маалыматы туруктуу комиссияга угулуп, жергиликтүү элдин талабын аткаруу боюнча жерди октябрь айында инвентаризация жасоо боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөткө тапшырылды. Анын жыйынтыгы менен муктаждык чечилет деген ой бар”.
Көпчүлүк жарандар жер көйгөйүн көтөрүп, кайрылып жатышат. Ошол себептен улам элдин муктаждыгын чечкенге аракет кылып жатабыз дейт Сары-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Сапаралы Өмүракунов.

Сары-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Сапаралы Өмүракунов
“Чоң көйгөй болгон жалаң эле жер маселеси болуп жатат. Көпчүлүктүн каалаганы жер маселесинин чечилиши. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жер албай калганбыз, үлүшү да жок, ижарабыз да жок деп кайрылууда. Жер боюнча чечип бергиле дегендерге ижара мөөнөтү бүткөндөрдөн жок дегенде бирден гектар болсо дагы жер алып берүүгө аракет кылсакбы деп жатабыз”.
Ал эми сессияга катышкан айыл тургуну Тунук Орозбекова сессия туралуу оюн төмөнкүчө бөлүштү.
“Эми сессияда көбүнчө жер, суу маселеси айтылды. Элдин муктаждыгы жер экен. Сессияга көп эл катышты. Мисалы биз түшүнчү эмесбиз. Эми түшүнүп калдык. Бул аябай жакшы нерсе экен. Сессияга катышып, көп керектүү маалымат алдык. Азыр депутаттар иштейли деп жакшы нерселерди киргизизип жатышат. Ысырапкорчулук, таштанды боюнча маселе каралууда. Элге керектүү нерселерди, сессияга катышып аракет кылып жатып, кудайга шүгүр таштанды өз учурунда жыйналып жатат».
Анара Мааметова