Быйылкы жылдын 11-апрелинде Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. Жергиликтүү кеңештин депутаттары мандатын алып ишке киргенине 4 айдын жүзү болду. Алар ишке киргенден кийин кандай иштерди аткарды?
Жергиликтүү кеңеш ишке киргенден кийин кандай иштер аткарылды? Коомдук угуу, сессиялар өткөрүлдүбү? Бул суроолорго Кеңеш айылдык кеңешинин депутаттары жооп беришти.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы Орозбек Абдрахманов депутаттар иш баштагандан кийин төрага шайланып андан кийин өкмөт башчы 2 тур менен шайланганын айтты. Төраганын айтымында коомдук угуу өткөрүлө элек, элге маалымат берүү үчүн депутаттар көбүрөөк иштеши керек, 9 айлыктан кийин өткөрүшүбүз мүмкүн деп билдирди.
Орозбек Абдрахманов: “Депутаттар шайлангандан бери 5 жолу сессиялык иш өткөрдүк. Эң негизги иштердин бири бул өткөндөгү сессиялык иште айыл өкмөт иши боюнча 6 айлык отчетун берди. Биздин депутаттар 3 топко бөлүнгөн, бул 3 топ 6 ай боюнча айыл өкмөттө кандай иштер болду, анын канчасы аткарылган, канчасы аткарылбаганы жөнүндө жыйынтык беришти. Биринчи жыйынтыкты бюджеттик комиссия берди, айыл өкмөттүн бюджетинде каралган иштер боюнча кайсыл жака иштетилди, каяка иштетилбеди жалпы жыйынтык берди. Өкмөттүн ФЭБ башчысы менен дагы бюджет боюнча толук текшерүүлөр болду. Андан кийин социалдык бөлүк боюнча комиссиянын жетекчиси менен биригип бардык мектептер, бала бакча, ФАПтар толук, өзүм кошулуп кыдырып, көрүп чыктык. Үчүнчү жер маселеси боюнча топ жер боюнча канча арыз түштү, канчасы каралды, канчасына жыйынтык берилди, канча адам арызы боюнча канааттандырылды, канчасы канааттанган жок, бул боюнча маалымат берилди. Кийинки 2022 — жылдын бюджеттик план долбоору каралды. Бул долбоорду жылдын аягында так бөлүшкө аракет кылабыз. Депутаттар колунан келишинче, мүмкүн болушунча өкмөткө жардам берип, көзөмөл кылып иштешип жатышат”.
Ал эми социалдык маселелер боюнча комиссиянын төрайымы Айганыш Орозмамат кызы комитет мүчөлөрү менен биргеликте айыл өкмөттөгү мектеп, бала бакча жана ФАПтарды кыдырып, абалы менен таанышып чыккандыгын айтты:
Айганыш Орозмамат кызы: “Ак Чабуу мектебинде бак-дарактар эскирип, куурап атыптыр. Ошолорду жулдуруп, жаңы көчөт эгүү үчүн экологиядан уруксат алалбай жатышыптыр. Ошого өкмөт менен биргеликте жардам берели деп айтып, маселесин көтөрүп келдик. Гүл балдар бакчасы өтө эски экен, полдору чирип, ным жыттанып атыптыр. Жеткинчек балдар бакчасындагылар убактылуу бир мектептин бөлүгүндө окуп жатышат, анын жаңы балдар бакчасын бүтүрүүнү тездетиштин жолун айттык. Эмки сессияга кышка карата даярдык боюнча карап жүрөбүз. Кимдин көмүрканасы бар, кимге көмүр түштү, ким кышка даяр, эмне кемчилдиктери бар караштырып жатабыз”.
Бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурасбек Кубанычбек уулу да жергиликтүү кеңештин аткарган иштери боюнча айтып берди:
Мурасбек Кубанычбек уулу: “Жергиликтүү кеңеш өз ишин баштагандан кийин бюджетти тактадык. Алты ай ичинде уткан тендерлерге көзөмөл жүргуздүк. Жасалган иштерди барып көрдүк, эмнелер жасалганын. 2022-жылга стим гранттарга проектилерди даярдап атабыз. Эл менен жолугуп, тендер боюнча иштер кандай болуп жатат, 2022-жылга бюджетке киргизиш үчүн эмне көйгөйлөр бар экендигин ар бир айылга комиссиянын мүчөлөрү менен барып, аныктап бюджеттен бөлө турган болгонбуз”.
Ал эми айылдык кеңештин депутаты Турсунай Кадырованын билдирүүсүндө азыркы учурда Куу-Майдан айылынын суусунун төлөмүн тартипке келтирүү максатында жолугушуулар уюштурулмакчы:
Турсунай Кадырова: “Эң көзгө көрүнөрлүгү бул Ноокат – Шаңкол маршрутун Парижден жогору жагын 25 сомдон болсун деп белгилеп бердик. Ак Чабуу мектебинин жаңы курулушун даярдашыптыр, элдин күчү менен спортзал салып жатышыптыр. Ага макулдук бердик”.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Аймончок Кожонова