Жергиликтүү кеңештин сессиясында күн тартибинде кандай орчундуу маселе каралды? Алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар.
Айылдык кеңештин сессиясында күн тартибинде кандай орчундуу маселе каралды деп жергиликтүү кеңештин төрайымы Назгул Тойгонбаевага кайрылдык.
Назгул Тойгонбаева: «Бизде күн тартибинде көтөрүлгөн маселе айыл элинин өтүнүчү боюнча алтын маселеси коюлган. Биздин эл алтынды каздырбайбыз. Эгерде каза турган болсо элге жардам катары айыл өкмөтүнө социалдык пакет төлөп беришсин деп жатышат. Биз депутаттар ушул маселени сессияга алып чыгып талкууладык. Алтын казуучу ишкананын өкүлдөрүн чакырып сунуш киргиздик. Элдин талабын айттык».
Айыл тургундары да каршылыктарын билдиришкен. Сессияда депутаттар өздөрүнүн сунуштарын төмөнкүдөй киргизишти:
«Элге жардам катары 1.5 млн сомдук социалдык пакетти төлөп беришсин. Комиссия түзүп көзөмөл жүргүзөбүз. Бул сунуштар боюнча алтын казуучу ишкананын өкүлдөрү бир жумада жообун бере турган болушту».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Азиза Тамчиева