Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында пландаштырылган иш-чара эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өткөрүлдү. Бул туурасында алдын ала Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы Мирлан Джекшенов иш-чараны өткөрүү боюнча уюштуруучулар менен биргеликте иш алып барды.
Жаңы-Жер айылында өткөрүлгөн кандай гана иш-чара болбосун жаштарды тарбиялоодо бул окуу жайлардын иши, ал кесиптик лицейдин иши, бул мектептин иши, бул милиция бөлүмүндө иштегендердин иши, бул айыл өкмөттөгүлөрдүн иши дебестен, айыл эли биримдикте милдеттүү түрдө иш-чараларды алып барышат. Бүгүнкү 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн айыл эли шаңдуу жакшы маанайда өткөрүштү.
Маданият боюнча айылдагы ар бир улуттун маданий көрөңгөсүн алып жүрүүгө аракет кылган жаштарды колдоо, таланттарды колдоо маселелери катары спорттук оюндар байма-бай уюштурулуп турат. Эгемендүүлүк мезгилинде Кыргызстандын маданияты негизинен кризистик абалда болду. Айыл маданияты өз алдынчалыкка ээ болуп, эркин өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрдү алды. Жаңы-Жер айыл эли өлкөнүн жети облустун жарандарынан куралган эл. Айыл көп улуттуу, ар түрдүү маданияттуу. Айылыбыз кечине болгону менен берекеси мол, ырыскылуу, куттуу айыл.
Айылыбыз берекелүү, куттуу жерден.
Айылыма кызмат кылуу милдет билсең,
Айылда жашап жүргөн ар бир жаран,
Айылдын биримдигин, ынтымагын,
Ар дайым бийик тутуп сактаса экен!
Жаңы-Жер айылында 31-август Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдык майрамы белгиленди.
Бүгүнкү майрамдык иш-чарада Жаңы-Жер айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өзгөчө тартиптеги № 19 мекемесинин кызматкери Айсулуу Алиева алып баруучулук жана Жаңы-Жер айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Муратбек Абдыралиев уюштуруучулук милдетти аткарышты.
№19 мекеменин офицерлеринин коштоосунда Кыргыз Республикасынын Туусу көтөрүлүп чыкты.
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30-жылдыгын белгилөө үчүн уюштурулган иш- чаранын ачылыш аземин ачууда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өзгөчө тартиптеги № 19 мекемесинде кызмат кылган офицерлердин коштоосунда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу көтөрүлүп чыгып Гимн ойнолду. Жаңы-Жер айыл башчысы Мирлан Джекшенов айыл тургундарын «31-август Эгемендүүлүк күнү» менен куттуктоо сөзүнөн кийин концерттик программасы башталды.
Жаңы-Жер айыл башчысы Мирлан Джекшенов
Айсулуу Алиева бүгүнкү майрамдык иш-чаранын уюштуруучусу
Айсулуу Алиева: «Бүгүн Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө 30-жылдыгы мен үчүн сыймыктуу майрам.
«31-август Кыргыз Республикасынын өлкө тагдыры чечилген күн. Мындан 30 жыл илгери 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алган. Ошол күндөн тарта бүгүн Кыргызстан көз карандысыз болуп өмүр сүрүп жашап келет.
Кыргызстан бейиш төрү-кең мекеним!
Касиеттүү байлыгы бар, куттуу жерим.
Калкыбыз эркин өскөн, чындык сүйгөн,
Кыргыз элим ыйык тутуп сактайт жерин!
Кыргыз жерибиз биздин ата-бабаларыбыздан калган, муундан-муунга өтүп келе жаткан, көздүн карегиндей ыйык сактай турган, Ата Мекенибиз бар. Жаратылышыбыздын кооздугун көрүп, өзүңдү Меккеде жүргөндөй сезесиң. Ал эми көлдөрүбүз, кооз жерлерине сөз жок, ажайып жер».
Сүрөттө солдон оңго- Башарат апа, Асья апа, Таалай апа, Нурбү апа, Жазгүл апа. Иш-чаранын жүрүшүндө айыл маданиятына салымдарын кошуп, кийинки муундарга үлгү болуп келе жаткан «Айым» апалар тобу жакшы тилектерин айтышып баталарын беришти.
Асья апа: “Айылдагы ар бир жаран бири-бирине дем-шык берсин”
Арыбаңыздар! Калайык калкым, айылдаштарым. Биздин айылдагы ар бир жаран бири-бирине дем-шык берсин деген тилегимди айта кетейин.
Эгемендүүлүбүздүн алгачкы жылдары материалдык жетишпестиктер адамдарды бир топ түйшүккө салып, көйгөй жаратканы менен мамлекетибиз бара-бара оңолуп келе жатат. Мына азыр өнүгүүнүн жолуна түшүп, жашообуздун оңолуусу байкалууда. Өлкөдөгү бир топ саясий окуяларга карабастан карапайым эл ичинде ынтымак, биримдик бекем сакталып келет. Бул дагы элибиздин жашоо маданиятынын өскөндүгү, ой-жүгүртүүсүндө, аң-сезиминде өзгөрүү болгондугу деп билебиз. Учурда биз өнүгүүнү руханий деңгээлинин зарылдыгына муктаж болуп турабыз.
Айылдагы жаш муундарга айтаарым 30 жыл ичинде кыргыз ата-бабабыздан бери келе жаткан руханий мурастарды кайтаруу үчүн бири-бирибизге дем-шык берели.
Нурбү апа: “Айылыбызда өсүп келе жаткан дилгир, сергек, мекенчил жаштары биздин келечегибиз”.
«Бүгүн биз коомдогу терс көрүнүштөрдү айтууга ооп кеттик, анткени ар кандай маалыматты ылгабай алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Себеби, замандын талабына ылайык инновациялык, санариптик жашоодо жашап калбадыкпы. Бул дагы биздин чоң жетишкендик. Биз ар кандай көрүнүштөн позитивди, жакшылыкты издешибиз керек. Бүгүнкү күндө көпчүлүк жаштарды билимсиз, маданиятсыз деген түшүнүк басымдуулук кылат. Бул туура эмес. Бирок ар күнүн жаштар менен өткөргөн, алар менен жакындан мамиле кылган адам катары айтар элем, бүгүнкү жаштар андай эмес, өзгөчө ыйманга ооп, адамдык мамиле, улутту сүйүү, улуттук маданиятка астейдил мамиле кылган, улуттун көрөңгөсүн көтөрө турган, сергек жана дилгир жаштар өсүп келатат.
Ушул көрүнүш мамлекетибиздин өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзө турган жаңы муун келе жатканынан кабар берет. Айылыбызда өсүп келе жаткан дилгир, сергек, мекенчил жаштары биздин келечегибиз.
Башарат апа; «Дени сак, сергек жашоо үчүн күрөшөлү. Анткени өмүр баарынан кымбат.»
Учурда жергиликтүү бийликтер үчүн да аткара турган иштер арбын. Бирок алардын жумушуна жардам берген, айыл элинин өнүгүүсүнө салым кошкон айыл ичинен чыккан актвист жаштары дагы жок эмес. Кийинки учурда айыл эли үчун спорттук мелдештик оюндар байма-бай уюштурулууда. Биз улуу муундун адамдары жаштардын аракетин колдойбуз. Айыл жаштары спорт менен алектенсе, ичип чеккенден алыс болушса кантип сүйүнбөйбүз. Айылдын ар бир жараны адамгерчиликке негизделген, дүйнө таануусу өтө кеңири, дени-сак, ыймандуу болсо бул биздин сыймык эмеспи. Биздин дагы бир изги тилегибиз айылдагы жигиттер гана эмес кыз-келиндер арасында дагы волейбол, баскетбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол оюндарын уюштурулса дейбиз. Улутту сактап калуу үчүн тарбиялуу, маданий мурастарга баа берген, тарыхын билген, ыймандуу, дени-сак муундар керек. Ошол тарбияны бере турган айылдагы бала тарбиялап үйдө олтурган келиндерибиз болот. Биз аларга да көңүл бурушубуз керек. Аларды да өнүктүрүшүбүз керек.
Таалай апа: “Айылда жашоочулары тарыхый эс-тутумубузду, руханий көрөңгөбүздү арттыралы”
«Акыркы 2 жылда дүйнө жүзүн каптаган ковид илдетинин кийин карапайым калк бир топ эле кыйналды. Пенсия курагына келген улуу муундагы адамдар бул оорудан кийин жашоо маңызын баалап калдык. Тиричилик жашоо менен алышып, балдарды окутуп тарбиялап жүрүп ушул куракка келгендин өзү дагы бакыт. Эми бул курактагы адамдар эс-тутумубузду, руханий көрөңгөбүздү арттыралы, дени-сак жашоодо өмүр сүрөлү. Ал үчүн маданий иш-чараларга катышып, ден-соолук үчүн физикалык көнүгүүлөрдү эринбей жасап, бири-бирибизге жакшы маанай тартуулап дени сак жашайлы. Өзүбүз демилге көтөрүп ден-соолукту чыңдай турган , физикалык көнүгүүлөрдү жасай турган жайларды уюштуралы дээр элем. Бул дагы менин бир изги тилегим».
Жазгүл апа: “Айыл эли руханий иммунитетибизди көтөрөлү”
«Кыргызда сөз бар: “Пенде пейилинен табат” деген, бул бөксөлүк биздин саясатташып кеткенибизден болсо керек. Бүгүн элдин руханий иммунитетин көтөрүшүбүз керек. Биздин “Айым” апалар тобу айылдык, райондук, республикалык иш- чараларга катышып эле келе жатабыз. Ал гана эмес көчмөндөр оюнуна Кырчын жайлоосуна бардык, биз дагы колубуздан келген жардамды бердик. Биз буга чейин жогорудагылар чечет, алар биз үчүн ойлонот деген түшүнүктө жашап келгенбиз. Биздин эл азыр саясатта, саясий өнөктүктөрдө активдүү болушат да, ал эми түбөлүктүү маселелерде ак ниет коомду курууда, улуттук адеп аклахты көтөрүүдө, маданий иш-чараларды көтөрүүдө алсызыраак. Бүгүн биз утурумдук нерселер, тиричилик түйшүктөрү менен алектенип жүрүп калдык, коомубуз салабаттуу, омоктуу ойлорго өтө муктаж болуп, суусап турат».
Мирзат эже: “Айылдаштар бири-бирибизден жамандыкты эмес жакшылыкты көбүрөөк издесек”
«Биздин айылда дагы кадыр- барктуу, үлгү боло турган парасаттуу инсандарыбыз бар. Өзүнүн нарк-насили менен, салабаттуулугу менен, токтоолугу менен жашаган адамдар бардыгы айыл сыймыгы. Мына ушундай инсандар айылда болбосо коом аңтар-теңтер болуп кетмек, баары эле жамандыктын артынан кууп кетмек, жакшылыкка жашоодо орун калмак эмес.
Ал эми айылдагы аруу ишке, кайрымдуу иштерге демилгечи болуп жаткан жаштарыбыз да жок эмес. Улуулардан башталган жакшылыктар жаштарыбызда уланып келе жатат. Ал эми мындайларды окуя катары көрсөтпөй жатпайбызбы. Коомдон жамандык эмес, жакшылык издесек. Пандемия учурунда айыл эли бири-бирин кандай колдошту аны өзүңүздөр көрдүңүздөр. Кайрымдуу жаштар, кадыр барктуу карылар көп болсун айылдыбызда».
Сүрөттө: Ак элечек апалардын арасындагы Темирбек Абдыралие жана Мирзат Койчиева. Айылдын таланттуу ырчылары. Бүгүнкү майрамда элдин маанайын көтөрүп жагымдуу ырларын тартуулашты.
Иш-чаранын соңунда айыл жаштары үчүн футбол оюну уюштурулду
Оюндун жеңүүчүлөрү байгелер жана мактоо баракчалары менен сыйланды.
Турсун Омуралиева