Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди түз сатуу убактылуу токтотулду. Мындай чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттары кезексиз сессияда бир добуштан кабыл алышты.

Жергиликтүү кеңештин депутатары сессия учурунда
Баетов айыл аймагынын адиси Улан Абдыралы уулунун айтканына караганда муниципалдык менчиктеги жерлерди түз сатууга убактылуу мораторий киргизүү зарыл.

Улан Абдыралы уулу Баетов айыл аймагынын жер адиси
“Анткени учурда жерлерди тактоо, аныктоо, документтештирүү иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары балдар ойноочу атайын аянтча куруу үчүн жер аянты жок. Бул иштер бүткөндөн кийин жеке тараптарга берсе болот. Азырынча мындай менчиктеги төрт жер бар. Эгер азыр бул сунуш колдоо таппай калса анда жеке тараптар бири-биринен угуп же ал алса мен да алам деген ойдо талап кылып келе баштайт”,- дейт адис.
Ал эми Баетов айыл айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев депутаттарга адистин мындай сунушу маанилүү экенин айтты.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
“Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатпай токтотуп туруу зарыл. Анткени, келечекте социалдык объектилерди куруу үчүн жер аянтын таппай калышыбыз мүмкүн. Эч болбосо убактылуу мораторий киргизүү керек”,- деди.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова
Эркин Турдукулов: 2009-жылы айыл өкмөт башчы болуп шайлангам
Аудио: Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралган орчундуу маселе