Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн депуттары жана алардын ишмердүүлүгү менен тааныштырабыз. Ошондой эле бул айыл аймактын көйгөлөрү жана анын чечүү жолдору туурасында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин угабыз.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Жергиликтүү кеңештин депутаты Рысбек Төрөгелдиев: «Эң орчундуу маселе жер тилкелери. Ал жетиштүү эмес. Ошону адилеттүү бөлүп берүүгө аракеттенебиз. Учурда айыл өкмөт, айыл башчылар эл менен биргеликте адилеттүү чечүүгө аракет кылып жатабыз».
Жергиликтүү кеңештин депутаты Азизбек Баатыр уулу: «Ар түрдүү маселелерди карадык. Талды-Булак айыл өкмөтүндө эң орчундуу көйгөй жумушчу орундарынын аздыгы. Бизде саналуу гана уюм, мекемелер бар. Эң орчундуу маселе жумушсуздук жана бюджеттин тартыштыгы. Бюджеттин тартыштыгын чечүү үчүн эң биринчи кезекте ички инвесторлорду тартуу керек. Ошондой эле сырткы инвесторлордон, ар кандай коомдук уюмдардан бюджетти көтөрсө болот. Жумушчу орундарын түзсөк, алардан салык түшөт эле. Ошентип, бюджетти көтөрүүгө болот. Ал үчүн айыл өкмөт жана жергиликтүү кеңештин депутаттары биргеликте иш алып баруусу керек».
Жергиликтүү кеңештин депутаты Гүлбара Карымшакова: «Акыркы мезгилде жол кырсыктары көбөйгөндүгүнө байланыштуу бул боюнча чара көрүү керек экен. Ошондой эле эң негизги көйгөйлөрдүн дагы бир таштандыларды айыл ичинен алып чыгуу».
Тимурлан Мелисбеков, Айчүрөк Уланбек кызы