2018-жылы Барскоон айыл аймагынын Көкой жаңы конушунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кыян жүрүп, бир топ айыл тургундарынын үйлөрүн каптап кеткен. Учурунда жаңы конуштун четинен казылган канал кичине болгондуктан жергиликтүү тургундар жапа чегишкен. Учурда селден коргоочу канал бекемделүүдө. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, айыл өкмөт жана жергиликтүү элдин көмөгү менен жүзөгө ашууда.
Эскилиги жеткен каналдар катуу жааган жамгырга туруштук бере албай, жырылып үйлөрдү суу каптап келген. 2018-жылы селден коргонуу үчүн 2 км аралыктагы жаңы арыктар казылган. Тилекке каршы, ал арыктардан бир-эки жолу жаандын суулары өткөндөн кийин эле ичтери толуп, жээктери желип калган. Былтыркы жылдын жаз мезгилинде жааган жаандын кесепетинен кайрадан кыян жүрүп, Таш-Коо конушундагы үйлөр жабыркаган. Ал эми ушул жылдын 10-июнунда нөшөрлөгөн жаан каналдын капталын жырып, 2-3 турак жайды каптап кеткен.
Айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде Таш-Коо каналын бекемдөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 225 даана торчолор жана 500 литр өлчөмүндө күйүүчү май бөлүнүп берилди. Ага кошумча Барскоон айыл өкмөтү тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ага таш түшүрүлгөн. Элдин жардамы менен ашар түрүндө торчо тизилип жаткандыгын өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Адилет Илгедеев билдирди.
«Айыл өкмөт тарабынан берилген акча каражатына бир машинасы 3500 сом өлчөмүндө таш сатып алынды. Азыркы заманга жараша ташты да сатып алууга туура келип жатат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген торчо каналдын кооптуу деп эсептелген 150 метр жерине төшөлүүдө. Бүгүнкү күндө бекемделип жаткан каналыбыз, негизинен жергиликтүү тургундардын, ишкана кызматкерлеринин жардамы менен иш жүзүнө ашууда. Жаратылыш кырсыгы болбой эле койсун. Бирок, сел жүрүп кетсе арыктын ичин кайра тазалап, түбүн жыл сайын казып турууга туура келип жатат».
Жаңы конуштар айыл четтеринде жайгашкандыктан табигат кырсыгынан биринчи жабыркашат. Кырсык кайсы учурда болоору эч кимге белгисиз. Көкой жаңы конушунун тургуну Бурул Казначиева күн күркүрөп, шамаал боло баштаса эле кооптоно тургандыгын төмөнкүчө билдирди.
«Жаан жааса эле корко баштайбыз. Анткени, биздин үй айылдын аяк жагында. Суу ташкындаса эле дароо биздин үй жакты келип каптайт. Жамгыр жааган күнү түнкүсүн уктабай чыккан күндөрүбүз дагы болду. Жаз айларында жүргөн сел бизден ылдый жактагы үйлөрдү каптап кетти. Өкмөттөн келип үйлөрдү канча пайызда жабыркаганын текшеришти. Бирок, эч кимдин үйү камсыздандырылбагандыктан жардам көрсөтө алышкан жок. Болгону короосуна, үйүнүн полдоруна толгон сууларды сордуруп жардам көрсөтүштү. Азыркы күндө үй салуу деле оор да. Дагы бир кошунамдын үйүнүн дубалын тешип өттү…»
Көкой жаңы конушунда жалпысынан 83 үй-бүлө жашайт. Мындан эки жыл мурун жаандын кесепетинен жабыр тарткан тургундардын айтымында бүгүнкү күнгө чейин эле кооптонуп жашап келе жатышкан. Эми минтип каналдар бекемделип жатканын көрүп, өздөрү дагы жардам кол сунууда. Аталган жаңы конуштун тургуну жана айыл башчысы Тилек Рысмендеев баардык күчүбүздү айылдын кооптуу жерлерин оңдоп-түзөөгө жумшап келе жатабыз дейт.
«Мен айыл башчы болуп шайлангандан бери айыл ичиндеги көп жерлерди оңдоп жасадык. Кайсыл жерде көйгөй болсо ошол жакты биринчи жасоого аракет кылабыз. Өзүм дагы ушул жакта жашап келем. Үйүмдүн тегерегин арык кылып казып алгам. Бирок, жаан катуу жаап, каналдан ташыса ал арыкка батпай калып үйүмдү каптап кеткен учурлар болду. Учурда каналга бекемдөө иштери жасалып жаткандыгына абдан ыраазымын. Себеби биринчи орунга тургундардын жашоо шартын, өмүрүн, ден-соолугун коюшубуз керек. Качан кырсык болуп кетет эч кимибиз билбейбиз да…»
Гүлкайыр Осмоналиева