Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында алманын түшүмдүүлүгү жакшы. Бирок, кардарлардын аздыгы, алманын баасынын төмөндүгү айыл тургундарын бушайман кылууда. Кулатов айыл өкмөтү боюнча 250 гектар айыл тургундарынын жер тилкелерине алма бактары жана ар түрдүү мөмө-жемиштер эгилген. Алманын учурдагы базар баасы сортуна жараша 15 сомдон 40 сомго чейин болууда.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы Курсан Маткаримов: «Кулатов айыл аймагында жалпы 250 гектар жерге мөмө жемиш эгилген. Учурда жыйноо иштери аяктап калды. Айыл тургундары алмаларын сатуу үчүн кардарлардын саны аз жана баасы төмөн. Ошол себептен айыл өкмөт жетекчилиги кардарларды тартуунун аракетинде жана алманы туура жана көп убакытка сактоо үчүн лагистикалык борборлорду куруу аракетинде…»
Сарыбай айылынын тургуну Сайипжамал Калмурзаева: «Алмаларды кышка сактоо үчүн ыңгайлуу жай болбогондуктан, бак астында турат. Азыр сатууга баанын төмөндүгү тоскоолдук кылууда. Мөмө жемиштердин баасын турукташтырууну мамлекет жетекчилери көзөмөлдөп берүүсүн суранат элем».
Ак-Чал айылынын тургуну Апсатар Эшимов: «Алманын баасы жаңы жыл алдында кымбаттайт деп, сактап коюуну чечтим. Алманын 3 түрүн өстүрөм. Жылдыз алма, таш алма жана крипсон сорттору… Быйылкы жылы жалпы 5 тонна түшүм алдым. Муну мен кышкыга сактайм. Себеби, жаңы жыл алдында баасы көтөрүлөт. Киреше булагым көбөйсүн деп ушундай аракет кылып келем».
Кызыл-Булак айылынын тургуну Имарбек Жалалов: «Быйыл мөмө-жемиш, алманын түшүмү жакшы. Бирок, баасы төмөн болууда. Мен алманын 4-5 түрүн өстүрөм. Башка нерселердин баасы көтөрүлдү. Бирок, алма арзан бааланып жатат».
Таңнуру Жалалова, Чынара Көчкөнбаева