Быйыл октябрь айынан тарта аба ырайынын кескин муздашы өлкөдө көмүргө суроо-талапты жаратты. Бир канча себептер менен кара алтындын баасы кымбаттап, карапайым элди кыйын абалга кептеп турган маалы. Куу-Майдан айылынын тургундары кышка кантип даярдык көрүүдө, көмүр менен камсыз болуштубу? Бул тууралуу «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыз.
Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:
Улуттук статистика комитетинин 21-октябрга карата мониторингинде 1 тонна көмүрдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу 18% же 832 сомго жогорулагандыгы белгилүү болгон.
Куу-Майдан айылынын тургундары кышка кантип даярдык көрүшүүдө, көмүр менен камсыз болуштубу деген суроо менен айыл тургундарына кайрылдык.
Айыл тургуну Каримберди Абдразаков жылда 3 тонна көмүр жагат. Быйыл эрте суук түшкөнү үчүн андан да көп жагууга туура келет дейт.
“Өзүбүз азырынча 3 тонна көмүр алдык. Алайдын көмүрүн килограммы 6,5 сомдон. Азыр 7 сом 80 тыйынга көтөрүлүп кетти. Эми анын себептери бар. Жол кире, бензин, солярканын кымбаттыгы болуп жатат. Анын үстүнө Ноокат району көмүр келчү Сүлүктү, Чоң Алай, Кызыл-Кыядан алыс болгондуктан бизде ушундай болуп жаткандыгы чын. Элди күзүндө эң түйшөлткөн маселе көмүр менен камсыз болуу. Бизде көмүрдөн башка эч нерсе жок. Себеби, электр энергиясы жетишсиз болгондугун эл билип турат”.
Ал эми Бактыгүл Ахунбаева бардык нерселердин кымбаттаганына жараша пенсия, жөлөк пул, айлык акылар дагы көтөрүлсө жакшы болмок деген оюн ортого салды.
“Азыр бардык нерсе кымбат, бул элдин чөнтөгүнө тескери таасирин тийгизип жатат. Мисалга алсак, былтыр 1 тонна көмүр 6 миң сом болсо, быйыл 7,5 — 8 миңге чейин болууда. Бул чоң айырма. Башка айла жок. Кымбат болсо деле албай кое албайбыз…”
Апал Бекиева көмүрдүн баасы кымбат болсо дагы ден-соолук үчүн алууга туура келүүдө дейт.
“Көмүрдүн баасына көз карашым түз эле. Анын кымбаттап кетиши кенден көмүр туруктуу абалда чыкпай калышына байланыштуу деп ойлойм”.
Айылдагы ишкер Роман Аширбеков 10 жылдан бери көмүр сатып келет. Ал көмүрдүн кымбаттагандыгынын себебин күйүүчү майдын, унаа тетиктеринин жана Ноокат районуна көмүрдү алып келүүнүн кыйынчылыгы менен түшүндүрдү.
“Биз алып келген жерде айдоочулар 5-10 күн кезекте жатып калышат. Чыгым көп. Арзан көмүр алып келсе болот. Бирок, ал жакшы күйбөйт, чок турбайт, ыш болуп күйбөгөндүгүнөн аны алып келбейбиз”.
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Шапиев сатылып жаткан көмүрдүн баасын айыл өкмөт көзөмөлдөй албастыгын бирок, өкмөт тарабынан элге жардам катары килограммы 5 сомдон көмүр түшүрүлгөнүн билдирди.
“Азыр Кеңеш айыл өкмөтүндө 2 унаа көмүр түгөндү. Алардын бири 34 тонна, бири 31 тонна. Азыр Ак-Терек айылында дагы көмүрдүн килограммын 5 сомдон саттырып жатабыз. Ал жерге 90 тоннадай көмүр түшкөн. Көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берип жатабыз. Ошондой эле катардагы тургундар дагы алып жатышат”.
Аймончок Кожонова