Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: admin

Мелмел компьютерге кызыгып келет

11-октябрь — Эл аралык кыздар күнү. Аталган майрам 2012-жылы Бириккен Улуттар уюму тарабынан негизделген. Анын негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.

Айыл тургундары кодексте өзгөртүлгөн беренелер тууралуу маалымат алышты

Сары-Булуң айыл аймагынын имаратында Тогуз-Торо районунун прокурорунун улук жардамчысы Данияр Асанов эл менен жолугушуу өткөрдү.

Башталгыч класстын окуучусу Айназ ыр жазуу менен алектенет

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы №19 орто мектебинин  4-классынын окуучусу Айназ Жолалиева 8 жашынан бери сабактан сырткары ыр жазуу менен алектенет.

Тогуз-Тородо Элеттик айымдардын күнү белгиленди

Элеттик айымдардын күнүнө карата Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө айыл өкмөттөрдөн багбан, ишкер айымдар азык- түлүк продукцияларын, курут, май жана колдон жасалган буюмдардын көргөзмөлөрүн коюшту.

Тогуз-Торонун таланттуулары филармонияда

«Саймалуу-Таш» фольклордук ансамбли 2016-жылы түзүлүп, 2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияга 3 жылдык отчеттук концертин берди.

Бала бакчада балдарга билим берүүдөгү тажрыйбалар жайылтылууда

 Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жайгашкан «Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты баланын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүү менен максатка жете билүү жана «Райондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү …

Нарында өзгөчө таттууларды жасаган ишкер айым

Накена Майрамбек кызы — Нарын шаарынын тургуну. Ал үй шартында чакан ишкерлик менен алектенген айымдардын бири. Тактап айтканда, адамдарга жагымдуу маанай тартуулган, майрам, туулган күндөрдө куттуктоо катары бериле турган – …

Окуучулар айылда жашаган жалгыз карыларга жардам беришти

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин «Тимурчулар» тобу «Карылар күнүнө» карата айылдык жалгыз жашаган карыларга жардам беришти. Бул иш-чара жыл сайын мектептин «Аваз» уюму тарабынан …

Быйыл Тасмада түшүм мол болууда

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылында түшүмдүн былтыркы жылга караганда быйыл мол болгондугун айыл тургундары билдиришет.

Илимий изилдөө ишин жасаган Тасмалык окуучулар алдынкы орундарды ээлешти

2019-жылдын 9-майы Улуу Жеңиштин 74-жылдыгына карата Республикалык “Эрдиктердин изи менен” деген сынакта Сопиев мектебинин окуучулары илимий изилдөө иштерин жүргүшкөн. Аталган конкурска он окуучу катышып, төртөө алдынкы орундарды ээлешкен.

Тасма айлынын көчөлөрүнүн аттары жаңыланды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын ар бир көчөнүн аттары айылдан чыккан атактуу адамдардын ысымдары менен жаңыланды. 2020-жылы «Эл жана турак жайды каттоо» жүрө турганы кабарланып, ошол максатта көчөлөрдүн …

Жаныкеевдин жаркын элесине арналган футбол оюну

Спорт сүйүүчүлөрүн спортко жана сергек жашоого үндөө максатында Асан Абдраимов орто мектебинин кичи футбол аянтчасында Алтынбек Жаныкеевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча 7-турнири болду.

Көчмө кабылдама айыл аймактарда

Тогуз-Торо райондук  ички иштер бөлүмүнүн “Милициянын көчмө кабылдамасы” ишмердүүлүгүн биринчи Атай, Карл Маркс айыл аймактарынан баштады.

Эркектер ден-соолуктарына маани бербейт

Азыркы учурда эркектер, ар түрдүү тиричилик көйгөйлөрүнөн, көр тиричилик менен убара болуп, эптеп-септеп акча таап, бала-чакасын багуунун аракетинде жүрүп, ден-соолугун кароого, аны чындоого, оорунун алдын алуу үчүн убагында дасыккан дарыгер …

Тасманын футболчулары райондук футболдо 2-орунду ээлешти

Тасма айылынын жаш футболчулар тобу райондук футбол оюнунда 2-орунду ээлеп, грамота 6 000 сом утуп алышты. Аталган оюн Арал айылынын тургуну Болот Ракымов өткөзүп, баш байгеге акчалай сыйлыктар коюлган. Өткөзүлгөн …

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылынын ички жолдору оңдолуп, жол толук асфальтталды.

Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов билдирди Маалыматка караганда, аталган аймактын Чат –Карагай-Казарман унаа каттаган негизги жолдору камтылып, жалпы 1,5 чакырымы жасалган. Ал №18-Жол тейлөө ишканасы тарабынан бүткөрүлүп, колдонууга …

Тогуз-Тородо мугалимдер күнү белгиленди

Жолугушуу кечеге райондун 13 мектебинен  келген мугалимдери,  мектепке чейинки билим берүү уюмдары, райондук администрация өкүлдөрү, билим берүү бөлүмү, айыл өкмөт башчылары катышты.   Мугалимдерди куттуктап,  райондун акими А.Кожошов куттуктап, ишин …

“Мугалим-мөмөлүү дарак” аттуу окуучулардын концерти

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев орто мектебинин 10-классынын окуучулары мугалимдердин майрамына карата концерт коюшуп,мугалимдердин көңүлүн көтөрүштү.

Эненин ден-соолугу, улуттун байлыгы

Тогуз ай түйшөлүп боюна көтөргөн наристенин эрезеге жеткенге чейинки түйшүгү эненин мойнунда. Ал гана эмес, ата-эне болуп калган балдарынан да санаасы тынчыбаган апалар алар үчүн бардыгына даяр. Ар бир баланын …

Тогуз-Тородо карылар күнү белгиленди

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде «1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө» карата районубуздун бардык айыл аймактарында бекитилген иш-чарага ылайык иш-чаралар уюштурулду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...