Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: admin

 Чоң-Тогузбайда драма коюлду 

Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын Кубанычбек Мамытов атындагы №29-мектебинде окуучулардын күчү менен даярдалган “Закым кубалаган балдар” аттуу драма коюлду.

Тасмада 1-класстарга ачык сабак өтүлдү

Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы мектебинде 1-класстардын окуучуларына ачык сабак өтүлдү. Сабак кичине бөбөктөр менен өтүлгөндүктөн кызыктуу болгонун айтышты.

Тасмада ыр кесе уюшулабы?

Түп районуна караштуу Тасма айылында ыр кесе майрамы уюшулабы, деген суроого жергиликтүү бийликтен жооп издедик. Жергиликтүү бийликтин ыр кесе майрамын уюштуруучусу Динара Сыдыкова менен маек курдук.

Тасмада «Ананай» бала бакчасы ачылды

Түп районуна караштуу Тасма айылында балдар бакчасы ачылды. Учурда бакча ата-энелер тарабынан каржыланып жатат.

«Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына эки жыл катары менен катышкан Алмабековдор

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Айбек Алмабековдун үй-бүлөсү эки жылдан бери райондук «Мыкты спорттук үй-бүлө» сынагына катышып келишет. Быйылкы жылы ийгиликтүү болуп, райондо 2-орун алышкан.

Тасмада чычкан көбөйдү

Күз мезгили келгенден тарта Тасма айылында чычкан көбөйүүдө. Чычканга каршы айыл тургундары каршы аракеттерди жасап жатканын айтышат.

Тасманын тургундары кышка даярбы?

Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Тасма айылында кар эрте түшүүдө деп билдиришет айыл тургундары. Тасмада биринчи кар 26-октябрь күнү жааган. Ал эми экинчи кар 17-ноябрга караган түнү жаады.

Тасмада быйыл түшүм кандай болду?

Күз мезгили мол түшүмдүн белгиси. Жыл сайын элдер жазында сепкен түшүмүн күзүндө жыйнап өзүнүн керегине жумшашат. Биз Түп районундагы Тасма айылынын тургундарынан быйылкы түшүмү кандай болгондугу тууралуу сурапжылоо жүргүздүк.

Тасма: «Ким? Эмне? Кайда?» сынагында 11-класстар жеңди

Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде «Ким? Эмне? Кайда?» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Ага 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, бүтүрүүчүлөр биринчи орунду алды.

Тасмада окуучулар арасында түшүм майрамы болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма орто мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Аталган майрамга 1-класстан 7-класска чейин окуучулар катышышты.

Тасмада малдар жайлоодон кандай келди?

Түп районунун Тасмада айыл тургундарынын көбү мал багуу менен алектенишет. Малдарын жайкысын жайлоого жиберишет. Биз быйылкы жылы малдар жайлоодон кандай келгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.

Тасмада тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү

23-сентябрь өлкө боюнча тил күнү деп белгиленет. Ошол себептен бүгүн Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде мектеп окуучулары тарабынан чакан салтанат өтүлдү.

Тасмада мектеп окуучулары табият кырсыктарына даяр туруу боюнча көнүгүү жасашты

Кырсык айттырбай келет эмеспи. Ошол себептен Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде табияттын ар кандай кырсыктарына даярданууга иш-чара болуп өттү.

Бишкектен келген дарыгер тасмалыктарды атайын апарат менен текшерди

Түп районуна караштуу Тасма айылына Бишкектин №6 дарыканасынан доктур келип, айыл тургундарынын ар кандай ички органдарын текшерди. Ал атайын апараты менен элдерди текшерген соң, даарылануусуна атайын даарыларды жазып берди.

Карасаев айыл аймагына ФАО уюму тарабынан техника жана малдар берилди

Түп районуна караштуу Карасаев аймагына Швейцариянын өкүлдөрү тарабынан жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү. Аталган иш-чаранын максаты — айыл тургундарынын жашоо турмушун жакшыртуу.

Тасмада мектептин айланасын тазалоо иштери болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде мектепти тазалоо иштери болду. Бул иш-чаранын максаты мектептин айланасын таза кармоо ирээтинде өтүлгөндүгү туралуу айтып өтүштү.

Тасмада мектеп терезелери пластикке алмаштырылды

Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин терезелерин долбоордун алкагында пластик терезелерге алмаштырылды. Аны менен бирге текчелери жана сырткы эшиктери да жаңыланды. Оңдоп-түздөө иштери бир айга чейин созулду.

Тасма: Мектеп окуучулары жайкы эс алууну кандай өткөзүштү?

Акырындап мектеп окуучуларынын жайкы каникулу бүтүп бара жатат. Биз окуучулар жайкы эс алууну кандай өткөзгөндүгү тууралуу маек курдук.

Тасма: Мобилдүү клиника айыл элине кызмат кылды

Түп районуна караштуу Тасма айылында мобилдүү клиника бир күн айыл элине кызмат кылды. Аталган клиника тургундардын ден-соолугун бекер текшерди.

Тасмада мектеп терезелери пластиктелет

Буга чейин Тасма айылындаг Асан Сопиев мектебинин терезелеринин абалынын начар экендиги туурасында “Нур FM” ЖМБнын  кабарчылары жазып чыккан эле. Андан соң мектептин эски, иштен чыккан терезелерин жаңы пластик терезге алмаштыруу …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...