Түп районуна караштуу Асан Сопиев атындагы мектебинде 1-класстардын окуучуларына ачык сабак өтүлдү. Сабак кичине бөбөктөр менен өтүлгөндүктөн кызыктуу болгонун айтышты.
Ошол эле мектептин башталгыч классынын мугалими Элзат Эсенгелдиева эмне үчүн ачык сабак өтүлгөнүн мындайча айтты.

«Сабактын максаты негизинде «Б, б» тыбышын үйрөнүп, так айтууга жана жаңы сөздөрдү да үйрөнүшөт. Сабакта окуучулар активдүү катышышты», — дейт ал.
Ал эми 1-класстын окуучусу Сайора Шаяхматова ачык сабак кызыктуу болгонун айтат.
«Биз бүгүн «Б, б» тыбышын өттүк. Сабак кызыктуу болду. Мугалимдер келип сабак өткөнүбүзгө катышышты», — деди ал.

Ал эми мектептин мугалими жана сабакка катышкан Айнура Кайкиева «бүгүнкү 1-класстардын окуучуларына сабак эң жакшы деңгээлде өттү. Баардык усулдарын, сабактын жүрүшүн кызыктуу кылып дайындаптыр мугалими» деп билдирди.
Даярдаган: Гүлбайра Кубаныч кызы
Редактор: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн